Патриялык система менен министр тандоо кадр тармагынын тамтыгын чыгарып бүтө турган болду. Иш билеби, кыла алабы дебей эле ар кайсы партия өз «кочкорубузду» министр кылып алдык.Койкоюп олтурган «Кочкор»министрлердин мурда кийин ким болгонуна деле кызыккан жан жок. Маселен айыл чарба, тамак аш жана мелорация министри Нурбек Мурашев бул тармакка анык эле адашып келгендей. Бул тармакта кызуу күрөш жүрүп, иш кайнап атса Мурашев мурдунан дем алып отурат. Көчүгүн креслосунан көтөрсө эле ким бирөө ээлеп кетчүдөй болуп.. Арийне иштин көзүн билбегенден кийин келбей койсо деле чоң паййда келтирмек экен. Мурашев министрлик дегенге муштум эмес акыл керектигин айырмалабай туруп эле, аттап алган өңдүү. Ансыз да арабөк айыл чарбаны муштум жаатында тажрыйбасынан башка берекеси жок Мурашев тамамдай өңдөнөт.

Демократия деп делөөрүгөнүбүз менен биз анын кыйкырып өкүрмөй, ээн ооздонбой, анан кызмат бөлүштүрмөй жаатын гана ылгап алган өңдөнөбүз.

Булак: Де-Факто

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here