«Өнүгүү-Прогресс» партиясы 27-июнда курултай өткөрүп, партия лидери Бакыт Төрөбаевди Президенттикке көрсөттү.

Төрөбаев учурда 44 жашта, Жогорк Кеңештин депутаты. Бакыт мырза жетектеген «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын Жогорку Кеңеште 13 депутаты бар. Бирок фракция ичинде ыйкы тыйкы күчөп, ынтымак ыдыраган. Төрөбаевдин баарын бир муштумга бириктирип кармаганга шаасы жетпей калды. Тынчтык Шайназаров, Мирлан Бакиров, Зиядин Жамалдиновдон башкасы жүз буруп кетишти.Учурда анын баары С. Жээнбековго иштешүүдө. мындан улам бир ууч фракциясына кадыры жок болуп башкара албай жатканда Төрөбаев кантип мамлекет башкарганга дарамети жетмек эле деген сөздөр айтыла баштады. Айрымдар бир кезде Республика партиясы менен депутат болуп келгенде Ө. Бабановдун «далысына бычак сайып», 4 депутат менен өзүнчө «Өнүгүү» деген топ түзүп , фракциянын ынтымагын кетирип бөлуп жарды эле эми ошол «куйтулук» иши өз башына муш болуп тийип отурат деп табалары канууда. Көрсө «бирөөгө ор казсаң, тайыз каз, өзүң түшүп калышың мүмкүн» деп таасын айтылган тура.

Булак Фабула

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here