Чагылган: Бүгүн “Республика-Ата-Журт” партиясы улуттук филармонияда курултай өткөрүп жатат. Иш-чарага Медеткан Шеримкулов, Апас Жумагулов, Үсөн Сыдыков, Феликс Кулов, Абдыганы Эркебаев, Курманбек Осмонов, Абдрахман Маматалиев сыяктуу мамлекеттик ишмерлер, Жогорку Кеңештеги «Республика-Ата-Журт» фракциясынын депутаттары, Социал-демократтар фракциясынын лидери Иса Өмүркулов ж.б. келишкен. Аксакал катары сөз алган Үсөн Сыдыков “чу” дегенде эле оозунан жаңылды.

Ал ушунчалык картайып калганбы, же билип туруп атайы жасадыбы, айтор Бабанов Өмүрбектин да аты жөнүн туура айта албай, “Өмүрбек Чиркешович” деп атап, элди бир эсе таң калдырып, бир эсе, күлдүрдү. Барынан да анын “депутат бол” деп  ак дилден берген батасы кызык болду. Ушул батаны уккандар ушу тапта ылайым  кабыл болсун деп жатышат. Ооба, Сыдыковдун Бабановго берген батасы ылайым кабыл болуп, депутат бойдон калсын. Эл башына, мамлекет башына келбесин. Кокус акчанын күчүнө салып, келип кала  турган болсо, бул кызыл  кулак, соодагер, мамлекетти сатып жибергенден деле кайра тартпаса керек. Себеби, ал мындай иштерге жөндөмдүү экенин буга чейин жакшы эле көрсөттү.

Деги эле,  Бабанов тууралуу айта турчу эл билбеген ачуу чындык али алдыда….

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here