Булар үчөө тең таштанды болчу. Бирин атасы, бирин атасы да, энеси да, бирин болсо ээси таштап кеткен. Үчөөнүн тагдыры окшош болгону менен тарыхы үч башка. Бири — бойго жеткен кыз бала, бири — али тентек беш жаштагы наристе, бири — бооз куба канчык.

Бактысынан шору, күлкүсүнөн ыйы, кубанычынан өксүгү көп үч ача тагдыр тарыхын Айдана кыздын тарыхынан баштагым келди.

Ырыскүл өңү серт болгону менен тили таттуу, тартынбаган шарлыгы далай жигиттин сөзүн оозунан түшүргөн, куюлушкан ыр жаза салып, ар кандай кызыктуу оюндарды уюштура салганга жөндөмдүү кыз эле. Отуруш, көңүл ачкан кечелер Ырыскүлсүз өтчү эмес. Ошондой отуруштардын биринде Ырыскүл Атай менен таанышты. Узун бойлуу, көп сүйлөбөгөн, каш-кирпиги төгүлгөн кара-тору токтоо жигит Ырыскүлгө дароо жакты. Атай да кызга кайдыгер эмес болчу. Бул жолугуунун аягы эмне менен бүтөрү ал кезде Ырыскүлдүн үч уктаса түшүнө кирмек эмес. Оболу көп кыз-жигиттин бириндей эле киного, бийге, концертке барышып, отуруштарда бурч-бурчта кучакташып шынаарлашканы болбосо, чектен чыгышкан жок. Бир күнү кезектеги отуруштан кийин Атай кызды досунун үйүнө ээрчитип барды. Үй ээсинин келинчеги кыз ээрчиткен аяшын жактырбай кабыл алып, күйөөсү менен кирип-чыгып күңкүлдөшүп урушуп, кабак-кашы түрүлүп эле атты. Ырыскүл маани деле берген жок, ага Атай жанында болсо жетишет болчу. Жат-жатка келгенде Ырыскүлдү Атай сыртка чакырып чыгып кетти да, досу менен келинчеги дагы күңкүлдөшүп алышты. Ырыскүл менен Атай сырттан киргенде кожойке колунан келсе беймаал келген конокторду кууп чыккысы эле келип, бирок күйөөсүнүн запкысынан эле аргасыз тилин тишине катып атканы огу болсо атып ийчүдөй караган көз карашынан билинип, ооз учунан «эс алгыла» демиш болуп эшикти катуу жаап чыгып кетти. Ырыскүл эки адамдык төшөктү көрүп ичиркене чочуп алды.

– Бул эмнеси, эмнеге төшөк чогуу салынган? — деди чочулап.

– Тиги аяш тултуңдай бергенинен, сени келинчегим деп койгом.

– Аяшыңыз эмне анчалык сизди коруду, биз келгенден кабагы ачылбады го? Эмне, сизге деп болжогон бирөөсү бар беле?

Атай кыздын суроосун жоопсуз калтырып, имере кучактап өпкүлөп кирди. Калчылдаган Ырыскүлдү бооруна кыса азоо атты жоошутуп жаткансып жумшак кобурады:

– Мен сага тийбейм. Мындай эле, сыртынан… Кыздыгыңа доо кетпейт. Мен сени сүйөм, Ырыска. Баары убагында болот, коркпо,-деди ишенимдүү. Эрин каната өбүшүп, дене-бой өрт кеткендей жалындаган мындай мүнөттөр кийин далай кайталанды. Бир нече жолу кыздык абийирге, эл сөзүнө кол шилтеп ушул жыргалдын түбүнө чөгүп кеткиси келип, бирок андайда кыздан мурун Атай сактанып, эркектик напсисин тыйып койгонго кудурети жетчү. Каргашалуу бир окуя болуп кетпегенде бул оюн канчага созулат эле, ким билет. Демейде тамак тандаганды билбеген Ырыскүл тамакка табити тартпай, болор-болбос жытка көңүлү айланып ичкен-жегенин кусуп, басса-турса уйку басып, уйкусу канбай кыйналчу болду.

– Сен эмне, боозугандан соосуңбу?

Кусуп жаткан Ырыскүл Сырганын үнүнөн чочуп кетти. Турмушка чыгып, аялдык өзгөрүүлөрдү байкап калган Сырга кызды сынай карап турду.

– Жок ай, мен кызмын,-деди Ырыскүл ишенимдүү.

– Кыз болсоң анан эмне кусуп жатасың? Доктурга текшерилдиңби?

«Жок» дегенге алы келбеген кыз араң баш чайкады. Ырыскүлдүн каршы болгонуна карабай Сырга ошол эле күнү курбусун тааныш доктурга алып барды.

– Курбуңдун «кызмын» дегени чын, бирок кош бойлуу.

– Кантип? — деди Сырга менен Ырыскүл бир ооздон.

– Ушинтип эле, ыйык Мариянын күйөөсүз төрөгөнүн уккан белеңер, сен да Мария экенсиң, – деди картаң доктур кызды аяп да, жек көрө да карап.

Ырыскүлдүн мээсин “кантип?” деген түгөнбөгөн ушул бир суроо жеп, үч күн бою бөлмөсүнөн чыкпай жата берди. Атай өзү келбей калган үч күн ичинде чөгүп, жүдөп кеткен кызды бооруна кыса кучактап чебеленди.

– Эмне болду, ооруп жатасыңбы?

– Менин боюмда бар экен.

– Эмне, кимден?

– Сизден.

– Кандай менден? Биринчиден, мен сага тийген эмесмин, дооматыңды боюңда кылган адамга барып айт, экинчиден, менин деген үй-бүлөм, төрт балам бар.

– Кандай төрт бала?

– Ушундай эле!

Атай эшикти шарт жаап чыгып кетти. Ошондо гана Атайдын баягы аяшынын кызды жактырбай чыртылдаган себебин аңдагансыды Ырыскүл. Өз чындыгына күйгөн кыз эмне кылар аргасын таппай айласы кетти. Атай эч качан ишенбесин дил тереңинен сезип, анын үй-бүлөлүү экенин жашырганын күнөөлөп да, күнөөлөй албай да турду. Анткени Атай «үй-бүлөм жок» деп да айткан эмес, эч нерсе убада кылып кызды үмүткөр да кылбаган. Кечке маал сейил бакта жалгыз бараткан Ырыскүлдүн оюн “чоң кыз, таанышып албайлыбы?!” деген аржаке үн бузду. Бою кичинекей, арык, көздөрү тырмап тешкендей бүтүйгөн, жагымсыз күлкүсү өзүнө жарашпаган жигит кыйратчудай керсее карап туруптур. Ырыскүл ичиркенип алып бурула берерде бир ой тык токтотту.

– Таанышсак таанышалы, бирок, мен аялы бар жигиттер менен тааныша албайм, ошон үчүн аялыңыз болсо убара болбоңуз.

– Бойдокмун, кыз издеп жүрөм.

– Мен да жакшы күйөө болсо убакытты өткөрбөй тиейин дегем. Окууну деги бүтүп жатам.

Ошол күндөн көп өтпөй Ырыскүл көңүлү сүйбөгөн, көкүрөгү тааныбаган адамга турмушка чыгып кетти. Кыялында «жети айлык деле бала болот да, ырас жети айдан кийин ай-күнүмө жетет экем» деп ойлоп койгон. Тилекке каршы, шордуу кызы беш айдан соң чын эле жети айлык болуп төрөлүп калды. Ырыскүлдүн апасы кызынын төрөгөнүн угаары менен келип, али көзү ачыла элек небересин башка бөлүмгө котортуп, кызын куда-кудагыйына көрсөтпөй чыгарып кетти да, «беш айлык бала адам болчу беле, кол башындай кызыл эт экен, небереңер учуп кетти» деп койду. Ырыскүл бул дилине жат адам менен эми чындап жашай албасын түшүндү. Атай болсо кийин келди, бирок, анда Ырыскүлдүн жашоосунда дагы башка адам пайда болгон эле. Атай өзүнө куюп койгондой окшош, жада калса бетиндеги калынан бери айныбай өзүн тарткан кичинекей кара тоголок наристени колуна алып шуу жыттады. Кызы ууз сүт жыттанат. Капкара көздөрү менен «кайдан көрдүм эле» дегендей ылым санай караган күнөөсүз наристени кыйбай, бирок, алып кетер айласы да жок таштап кетти. Атай кызын ушинтип таштап кетти да, кызына ата абдан керек болгон учурда да кайрыла албады. Айдана он үчкө чыкканда Ырыскүл кызын бир тууган эжеси Турсунайга табыштап, өзү Россияга кетти. Иса менен Айдана ошол жерден, Турсунай таежесинин үйүнөн жолугушту.

Кичинекей Иса атасы эмес, энеси ким экенин билбейт. Анткени, ата жүзүн көрбөгөн Иса түгүл, али турмуштун оош-кыйышы эмне экенин биле элек жаш апасы өңү жылма, тили таттуу жигиттин атын да толук билчү эмес. Кыз качан боюна бүтүп калганын айткан түндүн таңында ата болууну намыс көргөн жигит из суутту да, ошол бойдон кайра кайрылган жок. Бүт өмүр колуна көтөрүп өтчүдөй таттуу убадаларды берген жакын адамы минтип тез эле жат болуп кетерине ишенбей, жаман ойго ыраа көрбөй күткөн кыз качан ичи билингенде шашып калды. Квартирантынын кош бойлуу экенин байкаган ижара ээси, элүүлөрдөгү Турсунай апа гана кыздан сөз күтүп, кеп акырын акмалап коюп жүрө берди. Кыз өзү жарылбасын кыраакы аял сезди окшойт, «кызым, боюңан алдырсаң төрөбөй каласың, макул көрсөң, балаңды мага сат. Биринчи турмуштан үч балам бар, бирок алардан эч нерсе үмүт эте албайм. Экинчи турмуштан бала көргөн жокмун, жездеңдин ичкенин күндө эле көрөсүң. Ал шордуунун шылтоосу эле бала. Элүүгө чукулдап калдым, мага эми төрөмөк кайдан? Ошон үчүн балаңды бизге калтыр, сени ыраазы кылалы, сураганыңды берели» деди этегин баса отуруп. Айласы кетип жүргөн кыз капа болмок түгүл, кубанып кетти да, «макул, эже, он миң сом бериңиз, сизге баланы калтырам да, артымды карабай шаардан кетем. Шаарды желкемдин чуңкуру көрсүн» деп ыйлап жиберди. Кыздын мынчалык тез макул болорун күтпөгөн Турсунай ошол эле күнү он миңди карматып, кыздан тил кат жаздырып алды. Арадан беш ай өткөндө балканактай эркек бала төрөлдү. Бала энеси этегин жыйып, бели бекип туруп кеткенче ыйлабай эле болтоюп жата берчү. Эмчек ордуна жасалма мамак салынган шишедеги сүттү да унчукпай иччү. Качан гана энесин Турсунай апасы айылга кетчү автобуска салып келгени камданып жатканда чоң кишидей муңканып көпкө басылбай, баарынын айласын кетирип ыйлады. Куду тууган эне сөрөйү кайрылбай, кыйылбай кетип баратканын, эми бул эне атын жамынган кемтаалайды кайра көрбөсүн туйгандай аза бойду дүркүрөтүп чыркырады. Мына ошентип Исаны атасы да, апасы да таштап кетти.

Көп өтпөй буларга куба канчык кошулду. Айдана күн сайын сабакка барарда ичи челкейип, арыктыгынан кыйраңдап араң баскан куба канчыкты боор ооруй карап, анча-мынча Турсунай эжесинен жашырып нан таштай коёт. Бул куба канчык заңгыраган кошуна үйдөгү адамдардын ити эле. Заңгыраган үйдө зыңгыраган киши, чоёктогон айым, чолчеке балдар жашачу. Бул үйгө кыз өмүрү көрбөгөн тири шумдуктуу чоң, капкара жылтылдаган машинелер келчү. Айдана алгач бул жат шаардагы чоочун үйгө келгенде куба канчык суйсалган ит болчу. Жүнү жылтылдап, акылдуу көздөрү жандуу, мээрим менен караган куба канчык Айдананын куса болуп жүргөнүн сезгенсип эркелеп эмес, эркелетип жаткандай сүйкөнгөнү да мээримдүү эле анда. Айдана ал кезде куба канчыкка тамак ташымак тургай, анын жанында өзүн ушул иттин баласындай сезип кетчү. Куба канчыктын жон терисиндеги тикчийген түктөрүн сылагылап жаткан кыз адамдарга караганда ушул куба канчыктан жылуулук алчу. Шумдугуң кургур, ит да болсо кыздын тагдырын ойлоп жаткандай, энеси алыска кеткен, атасыз өскөн бул кыздын эртеңи кандай болор экен деп аяп жаткандай көпкө кылгыра карап, анан “эми бара гой” дегендей жол жээгинде чокчоюп отуруп кала берчү.

Ошол жылдын кышында куба канчыкты да ээлери таштап кетти. Болгондо да жакында күчүктөөрүн билип туруп атайын таштап кетишти. Эми куба канчык да мусаапыр эле, таштанды эле. «Бу чоң адамдар таштагандан башканы билишеби?» деген ой келди Айданага. Куба канчык тез эле жүдөп, кызды мурдагыдай эркелетип эмес, тескерисинче, ушу чыканактай адамзатка арызданган, муңканган, таарынган көз менен карачу болду. Башын буттарына жаздап жатып алып кызды күтчү куба канчык бүгүн көрүнбөдү. Демейде кыздын карааны көрүнөрү менен кулактарын тикчийтип серпилип алып, анан алдынан тосуп чыкчу эмес беле. Айдана катып алган нанын койнунан эки жагын элеңдей карап алып чыгарды да, акырын итти чакырды. Демейде ичин сүйрөп чыга келчү куба канчык бул жолу үн да чыгарган жок. «Өлүп калганбы» деп ойлогон Айдана ураган тандырдын алдына кирип барчудай баш бакты. Көзү ачылбаган үч күчүк бири-бирине жыландай ороло аянычтуу кыңшылашат. Чарасыз, алсыз, жардамга муктаж кичинекей күчүктөрдү көргөн Айдананын оюна биринчи эле «энеси тууп туруп таштап кеткен тура» деген суук ой келди. Кичинекей күчүктөр нанды жей албасын ойлогондо ансайын аргасы кетип, ичи уйгу-туйгулана турган жерине эле китеп кабын таштап отура кетти. Акчасы болсо да сүт алып келип бербейт беле. Куба канчыккка болгон ишеними ичинде тумчугуп, жек көрүүгө кудурети жетпей дендароо болгон кыз тизесине башын жаздап, кардын муздагын сезбей отура берди. Негедир ыйлай да алган жок. Биринен-бири өтүп жалооруй кыңшылаган күчүктөрдүн үнүн укпаш үчүн кош колдоп кулагын басты. Бир кезде жупжумшак, бирок бир аз одуракай, жылуу бирдеме кыздын колуна тийди. Айдана селт эте баш көтөрдү да, мурдагыдан да ичкерип арыктай түшкөн, бирок, көздөрү мээримге, эмчеги сүткө толгон куба канчыкты көрдү. Кубанганынан оозуна келген сөздү айта берди, куду апасы келгендей эреркеп ыйлай да берди:

– Билгем, балдарыңды, мени таштап кетпесиңди билгем…

Кыз ый аралаш күлүп да, сүйлөп да жатты, канчыктын жон терисиндеги мурдагыдай тикчийбей уйпаланган жүндөрүнөн жетине албай сылагылап да жатты. Иттин көздөрү азыр кичинекей адамзатка мурдагыдай арызданып, таарынып эмес, бактысын батыра албай кубанып, мээримин чачып, ушул эки буттуу кызыктай жандыктардын күнөөсүн кечиргенсип карап турду.

Айжаркын ЭРГЕШОВА

Булак: Леди кж.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here