Адаттагыдай жумушума кесиптештеримден эртерээк келдим. Ошондо мени менен тең жарыша кирип келе жаткан жигитти көзүмдүн төбөсү менен карап коюп, иш бөлмөмдүн эшигин ачтым. Таң атпай редакцияга жетип келгенине эмнегедир кыжырым келип анча жактырбай турдум. Негизи бизге ар түрдүү максатты көздөгөн замандаштар көп кайрылат эмеспи.  Көпчүлүгү таанышуу бурчуна келгендер. Ошолордун бири болсо керек деген ойго токтолдум. Көрсө, ал эркек сойку экен. Бул каарманым өзүнүн кызматы тууралуу төмөндөгүдөй маек куруп берди.

—Гезитке атайын маек берүү үчүн келиптирсиң, келгендеги максатың эмне?

—Мен негизи гезиттерди көп окуйм. Саясий багыттагы темаларга караганда мени сүйүү, эротика тууралуу материалдар кызыктырат. Же өзүмдүн кесибим ошону талап кылабы  кыскасы,  төшөк жаатындагы макалаларды жата калып окуйм.

—Төшөк жаатында иштегениң кызык экен. Өзүң кандай иш менен алек болосуң?

—Менин ишим-аялдарга кызмат көрсөтүү. Негизги кардарларым болсо жашы өтүп калган аялдар.

—Окурмандарга түшүнүктүү болуш үчүн кененирээк маалымат бере кетсең?

—Жашым отуз бирде. Бойдокмун.  Атым Самат. Аялдарга төшөк жаатында кызмат көрсөткөндүктөн андан түшкөн каражатты турмуштук керектөөмө жаратып келем.

—Кызык , башкача айтканда сойкулук менен алектенет экенсиң да. Аялдарды кантип табасың?

—Мен эки-үч рекламалык агенттик менен кызматташам. Кардарларды алар табат.  Анан мен чакыруу менен гана барып кызмат көрсөтүп келем.

—Рекламалык агенттикте иштегендер сенден акча алып турса керек? 

—Албетте, ансыз болбойт да. Тапкан пайдамдын 30 пайызын алар алат.

—Чакырууга баргандагы эң биринчи максатың эмне?

—Биринчи максатым , албетте кардарлардын көңүлүн табуу да. Негизинен кардарларымдын баары эле аялзаты болгондон кийин жакшы сөз сүйлөп, жагымдуу кеч тартуулап алардын көңүлүн алуу.

—Аялдар чогулуп алып сени сатып алган учур кездешкенби?

—Болот,  бир учурда эки аял чогуу сатып алып , түндү бирге өткөргөн кездер көп эле болот. Экиден ашык аял менен түндү өткөрө элекмин.

—Экөөнү бир учурда кантип тейлейсиң?

—Чогуу мейманканага барабыз, бирге тамак ичебиз дегендей.  Тамак үстүндө ар кандай эротикалык кептерди козгоп ичимдикти көз жаздымда калтырбай ичебиз. Ичимдик ичке киргенден кийин аялзаты көздөрү моймолжуп өзү эле төшөк кумарын каалап калат.

—Бирөөсү менен төшөк кумарына батып жатканыңда экинчиси карап турабы же кинодогудай чогуу болосуңарбы?

—Жок. Бирөөсүнө кызмат көрсөтүп жаткан учурда экинчиси башка бөлмөдө кино көрүп же болбосо телефон менен алек болуп өзүн алаксытып турат.

—Мас болгон аялдар сени кызганып мушташып кеткен учурлар болду беле?

—Жок. Андай учур таптакыр боло элек.

—Эки кыргыз аялы биригип бир эркекти сатып алып кумардан чыгып жаткандарын элестете албай жатам…

—Азырынча мага андай учур кездеше элек. Мени көбүнчө экиден казак аялдары сатып алат.

—Канча жашка чейинки аялдардын жарпын жазасың?

—Мага айырмасы деле жок. Эң жашы жыйырма беште. Улуулары алтымышта.

—Энеңдей болгон аялдын койнуна киргенде өзүңдү жаман сезбейсиңби?

—Эми башында тартынуу болгон , бирок бара-бара көнүп кеттим. Жумушум ушул болгон соң , анын үстүнө аялдын койнуна киргенден кийин жаш айырмасы билинбей деле калат экен.

—Кардарларыңдын арасында акчаңды бербей алдап качып кеткендер же болбосо кордогондор кезиккен беле?

—Жок. Акчамды бербей качып кетмек тургай кайра ыраазы болушуп кошумча акча төлөгөндөр болот.

—Өзүң жакшынакай эле жигит экенсиң , бир иштин майын чыгара жасай турган. Эмне себептен сойкулук менен жан багууга өттүң. Жумуш жоктугунан акча табуу үчүнбү?

—Андай эмес. Өзүмдүн туруктуу ишим деле бар. Аялдарга кызмат көрсөтүү  кошумча каражат табуу булагым болуп эсептелет. Эми мен аялдарга күнүгө эле кызмат көрсөтө бербейм да. Сунуштар түшкөндө эле барып көңүлүн алып , акчасын кагып келем дегендей.

—Сенин ата-энең , бир туугандарың  барбы? Болсо алар бул иш менен алек болуп жүргөнүңдөн кабардарбы?

—Менин аялдарга кызмат көрсөтүп жүргөнүмдү ата-энем тургай тааныштарым да билбейт. Мен эч кимге айтпай өз алдымча иш алып барам.

—Жогоруда айтпадыңбы казак аялдарын тейлейм деп. Демек, алар секске жакын келишет окшойт…

—Казак аялдары аябай темпераменттүү келишет. Каалаган нерсесин ачык айтып.

—Денесин саткан кыз-келиндерди сойку дейбиз. Сойку экенин билип калса бир да эркек үйлөнбөшү анык. Сен деле эркек сойкусуң да. Сага кыздар тийбей койсо кантесиң?

—Эмне үчүн? Мен эркекмин да. Биринчиден менин аялдарга кызмат көрсөтүп жатканымды эч ким билбейт да.

—Сенин да аялың башка эркектердин кызматын пайдаланганын билип калсаң кандай чара колдонмоксуң?

—Кудай сактасын. Мен үйлөнсөм  алымдын жетишинче төшөк оюнунан көңүлүн калтырбаганга болгон аракетимди жумшамакмын.

Д.АРПАЧИЕВА

 

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here