Ош шаарынын тургундары чала тааныш адамдар белгисиз жакка алып кетип бараткан 19 жаштагы кызды куткарып калышты. Окуя кечээ, 30-июнда саат 22:00-22:30 чамасында болду, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.
Маалыматтар боюнча, Ош шаарынын Ж.Райымбекова көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринен качып чыккан кыз элдерден жардам сурап кыйкырган. Ал кызды Ош шаарынын борбордук базарындагы соодагерлер менен ошол тарапта жүргөн адамдар курчоого алып, мажбурлап алып кетүүгө аракет кылган адамдардан куткарып калышты.
Катуу коркуп калган кыз Ноокат районунда жашай турганын айтып, өзүн 19 жаштагы К.Асел деп тааныштырды. Анын айтымында, Жалал-Абад шаарындагы эжесинин үйүнө бара жаткан. Орто жолдон тааныш кызы Ошко алдап алып келген.
«Мен Жалал-Абад шаарындагы гипермаркетте иштейм. Мени жолдон Мики деген тааныш кыз белгисиз унаага салып, Ош шаарындагы көп кабаттуу үйдөгү бир бөлмөлүү батирге чай ичип, эс алабыз деп алып кирди. Ал жерден жүрөгүм бир нерсени сезип, коркуп качып чыктым. Артымдан тааныш кызым чуркап чыгып, мени күч менен батирге карай тарткылап жатканда элдерден жардам сурап кыйкырдым. Элдер мени куткарып калышты. Азыр мен эч кимге ишенбей коркуп жатам. Милицияга да ишенбейм. Мени алдап алып келген адамдардын акчасы көп, милициядан да алып кетиши мүмкүн. Алар жаман жолдо иштешет, мени сатып жиберишет. Бүгүн мени бирөөлөргө сатуу үчүн алып келишкен экен», — деди Асел.

Анын айтымында, буга чейин Ош шаарына келген эмес жана шаарды жакшы билбейт. Окуя болгон жердеги күбөлөрдүн айтымында, кыздын артынан кубалагандар аны сойкуканадан качканын айтышкан.
Бүгүн, 1-июлда Ош шаардык ички иштер башкармалыгы окуяга тиешелүү адамдар кармалып, учурда териштирүү иштери жүрүп жатканын билдирди.

Булак: turmush.kg

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here