Кечээ  түштөн кийин Ата-Башыда белегилүү ырчылар Токтобек Асаналиев менен Кенже Кубатованын 20 жашатагы комузчу уулу Канат Наматбеков каза болгону маалым болду. Канат балдар менен тоого чөпкө барып, ал жактан ууланып калышкан. Жанындагы балдардын бири кечки саат төрттөр чамасында райондук ооруканага алынып келинип, дарылана баштаган. Ал эми Канат үйүнө келип уктап калган бойдон, ойгонгон эмес. Окуянын калган чоо-жайы азырынча иликтенүүдө. Канат бала чагынан комузда кол ойнотуп, Эл аралык сынактарга катышып, эл оозуна алынып калган жигит эле. Эл андан чоң комузчу чыгат деп үмүт кылып жаткан эле. Биз да элибиздин айтылуу ырчылары Токтобек Асаналиев менен Кенже Кубатовага көңүл айтабыз. Сабыр кылыңыздар. Канаттын жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун!

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here