Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында даңазалуу  балбан Каба уулу Кожомкулдун 2019- жылы өтө турган 130 жылдык мааракесине карата толук метраждуу көркөм кино тартуу  масеелсине  25 млн. сом бөлүнөрү тууралуу токтом кабыл алынды. Бул маселени негизинен  Суусамырлык депутаттар көтөрүштү. Окурмандарга маалымат катары  айта кетсек: Каба уулу Кожомкул 18889- жылы. Суусамырда туулган. Кыргыздын саяк уруусунан чыккан дүйнөлүк алп балбан. 47 жашында салмагы 164 кг. бою 1 м. 97 см (кээ маалыматта бою 2 метр 36 см, салмагы 208 кг болгон). 52-өлчөмдөгү өтүк кийген. Атасы Кошуна уулу Каба (болжолу 1827-1906-ж.) күчтүү балбан болгон. Кожомкулдун атасы Жоо-Жүрөк жайлоосундагы арыкты бөгөгөн 1247 кг. ташты тээп жылдырган. Энеси Алмадай эр сайышка түшкөн белгилүү зайып болгон. Кожомкул 15 жашында атагы чыккан 45 жаштагы балбанды жыккан. Ал өмүрү өткөнчө  эңиште эч кимге жеңилген эмес. Казак балбаны Балуан-Шолакты жыгып,  казак элине даңазасы тараган. Жаш кезинде салмагы 400 кг. өгүздү жаракадан сууруп алган. 22 жашында Суусамыр өрөөнүнүн Арамза төрүндө бийиктиги 1 метр 60 см, жоондугу 1 метр 89 см (салмагы 700 кг.). ташты 100 метрдей аралыкка көтөрүп барып, жерге күч менен уруп киргизген.

Ал балбандыгынан тышкары, өкмөттүк, партиялык кызматтарда иштеген. 1955-жылы көзү өткөн.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here