Чын эле Чмодин баарын ит эле кылды. Ал шордууга алдынала айтып, бул тигиники, ал мунуку дегендей кылып, көргөзүп, бир аз түшүндүрүп койушса болмок экен. Кашайып, ЛеонИТ Маевский “Өмүрбек Текебаевге пара бердим” деген кабинет Алмазбек Атамбаевдики болуп чыкпадыбы. Тергөө ишинде Өмүке менен Дүйшөндү “талкалайт” деп эң башкы күбө катары өтүп жаткан Алексей Чмодин ЛеонИТ Маевскийди Өмүрбек Текебаев менен жолугуштуруп, «пара бергемин» деп айткан экен, оозу-мурду кыйшайбай.

Анда ошол пара берген жериңди, Өмүрбек Текебаев менен жолугушкан кабинетти көрсөт десе, күбө Чмодини түп-түз барып эле 2010-жылы азыркы ажо Алмазбек Атамбаев отурган кабинетти «шарт» көрсөтүп салбадыбы. Бирок Чмодин да эр экен, коркпой, эч нерседен шекшинбей туруп дайыма барып жүргөн “жайытын”, келип-кетип жүргөн жерин жашырбай, тартынбай эле ачыктап, ал эмес кайсы жерде отурганынан бери көрсөтүп койду.

Өшөнтүп, үйрөтүлгөн жалаакорлор иттин өлүгү кайда көмүлүп жатканын ачык эле айтып, мына деп көпчүлүктүн көзүнчө көргөзүп берди. Эми эмне деп, кайра кандай калп көргөзмө берип, буйтактатып, жаңыртып башкача бурмалашаар экен. Бирок, бовой калды го, бовой калды-ыы. Ушундай болот, калптын казанын кайнатып, зордук менен күчкө салып болсо дагы болушунча боркулдатып “кайнатабыз” деген “чычкактарды” чыңырган чындык өпкөлөрүн үзө тебелеп кетти. Ит эле болдуңар, Илеон-Ит Маевский-Чмодиндер. Ал эми КӨмүрбек Аптыракманүптө “аптракат” деген таптакыр эле тамам болду көрүнөт

https://www.youtube.com/watch?v=swxd6vwAtLM

Автор Асран Айдаралиев

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here