Ат-Башы районунда «Кыргыз шырдагы» фестивалынын алкагында уюштурулган «Узун чачтуу айымдар» сынагы жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, аталган сынакка чачынын узундугу 80 сантиметрден ашкан кыз-келиндер катышты. Жеңүүчүлөр 18 жаштан 35 жашка чейин жана 35 жаштан 65 жашка чейинкилер арасында тандалды.
Сынактын жыйынтыгында, 18 жаштан 35 жашка чейинки кыз-келиндер арасында 1-орунду Ат-Башы районунун Терек-Суу айылындагы бала-бакчанын жетекчиси Элмира Молдакунова алып, 4 миң сом акчалай сыйлык менен сыйланды. 31 жаштагы Э.Молдакунова 3 баланын энеси. Анын боюнун узундугу 1,70 см, ал эми чачынын узундугу 1,30 см.
Ал эми, 35 жаштан 65 жашка чейинки кыз-келиндер арасында 1-орунду Нурбүбү Жумаева алып, 4 миң сом акчалай сыйлык менен сыйланды. Ал Ат-Башы районунун Кара-Суу айылынын 59 жаштагы тургуну, 5 баланын энеси. Анын боюнун узундугу 1,67 см болсо, чачынын узундугу 1,75 см. 2-орунду Баткен облусунан келген Санавар Массакова менен Ат-Башы районунун тургуну Назира Таалайбек кызы алышса, 3-орунду Асель Базарбек кызы менен Шайгүл Өмүрзаковалар ээлешти.
Мындан тышкары, улуттук тамак-аштарды жасоо боюнча сынак жыйынтыкталып, анда 1-орунду Ат-Башынын Ак-Моюн айылы, 2-орунду Баткен облусу, 3-орунду Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды айылы ээледи. Ал эми, «Кымыз» фестивалында 1-орунду Ат-Башынын Ача- Кайыңды айылы («Мыкты кымыз»), 2-орунду Ак-Моюн айылы («Көк кымыз»), ошондой эле 3-орунду Ат-Башынын Талды-Суу айылы («Жумшак кымыз») алды.
Булак: turmush.kg

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here