Эл өкүлү катары парламенттен омоктуу ойлорун ортого салып , орчундуу маселелерди көтөргөн Осмонбек мырза кызматына, байлыгына чиренбеген, табиятынан эле жөнөкөй адам экендиги жалпыга маалым. Депутат реформа жасоо боюнча айткан сунуштары менен башкалардан айырмаланып турат. Биз менен болгон маегинде жарандарды камсыздандыруу маселесин чечүүнүн жолдору  жана саламаттыкты сактоо тармагына кантип реформа жасоо тууралуу төмөндөгүлөрдү айтып берди.

—Осмонбек мырза , дегеле өкмөттүн ишмердүүлүгүнө кандай баа бересиз?

—Өкмөт негизинен өзүнүн ишин аткарып жатат. Жалпысынан жакшы иштеди деп айтсак болот. Жаз абдан катаал болбодубу. Кар бир топ  жаагандыктан жаратылыш кырсыктары да көп болду. Көчкүлөрдүн кесепетинен жолдор да бузулду. Өкмөт учурунда баардыгын калыбына келтиргенге жетишип жатат.  Айрым учурда  алдын-ала иштери жүргүзүлдү. Ошол эле учурда убакыттын тардыгынан жаратылыш кырсыктарына туруштук бере албай калган учурлар да кездешти.  Негизи эле жалаң бюджетке карай бербей системалуу иштерди жүргүзүү маселеси келип чыкты. Айрыкча  жанагы  өзгөчө кырдаалдар багыты боюнча. Негизи эле кыргызстандыктар жаратылыш кырсыктары көп боло турган  аймакта  жашайт экенбиз да.  Ошого жараша бул жерде жалаң эле бюджетке карап эсепке алып баардыгын чечип коём деген кыйын окшойт.

Жаратылыш кырсыктарын башка кандай жолдор менен чечебиз?

-Буга система жүргүзүп бир топ маселени киргизишибиз керек. Эң башкысы дүйнөлүк деңгээлдеги камсыздандыруу маселесин. Чындыгында кырсыктар аябай көп болуп жатпайбы.  Алардын баарын калыбына келтирүү миллиарддаган акча каражатын талап кылат. Ал эми чоң суммадагы акча каражаты биздин кирешеде жок. Аны каяктан алыш керек? Бул биз учун  чоң маселе болуп эсептелет. Ошон үчүн колдон келсе бардык тармакка  камсыздандыруу маселесин масштабдуу киргизүү керек. Ошонун негизинде камсыздандыруунун эсебинен көптөгөн маселелер чечилмек. Мисалы, катуу чыгымга туш кылган учурлар кездешип калса, анда  биздин өкмөттүн баардык бюджетин жумшасаң дагы жетпей кала турган  окуя болуп кетүүсү мүмкүн.  Кудай сактасын. Анда эмне болобуз? А муну чече турган система бар. Мисалы, азыр жергиликтүү камсыздандырып жатышпайбы. Бирок эми алар кайрадан дагы бир жолу  Эл аралык деңгээлде кепилдик алышат. Эгер биздин мүмкүнчүлүгүбүз  200 миңге сомго чейин камсыздандырыла тургандай болсо , балким андан да чоң суммадагы акча каражатына муктаж кыла турган окуялар болуп кетүүсү мүмкүн. Ошон үчүн биздин камсыздандыруу ишканалары миллиарддаган доллар менен камсыздай турган  эл аралык камсыздандыруу уюумтары менен атайын келишим түзүп кызматташуусу керек. Ошонун эсебинен жолдорду, үйлөрдү кайра калыбына келтирүүгө мүмкүндүк түзүлөт. Андыктан ушул баардык багытты камтыган камсыздандыруу системасын  тез аранын ичинде түзүшүбүз керек. Бул бир маселе. Экинчи маселе тууралуу айта турган болсок , биздин Өзгөчө кырдаалдар маселесин чечүү үчүн ӨКМ министрлиги демилгесинин негизинде өкмөттүк деңгээлде , алдын-ала прогноз кылып ,  жаратылыш кырсыктары болгон учурда тез жардам берүү үчүн өзүнүн фондун түзүп , жылыга  тынымсыз фонддун эсебин миллиарддаган акча каражаты менен толтуруп турушу керек.

—Андай болсо министрлик фондго акча каражатын кайдан алат?

—Өзгөчө кырдаалдарга багытталуучу атайын  салык киргизип, ошону фонддун эсебине түзүлүшү керек. Ал үчүн атайын эсептеп чыгууга туура келет. Анан алдын-ала изилдөө иштери жүргүзүлүп , системалуу мониторинг түзүлүп, кырсык болгон учурларда адам өзүн кандай алып жүрүүсү тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүшү керек. Жакында эле бир машина сууга түшүп кетип алдындагы эки адам өз учурунда суудан чыгып кетип аман калды. А калган экөө өздөрүн кантип сактап калууну жакшы билишпегендиктен чөгүп кетишти. Ошон үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери  кырсык болгон учурларда  эмне кылуу керек экендиги тууралуу кеңештерди массалык маалымат каражаттарына жарыялап , керектүү маалыматтарды телевидениеден берип , эл менен жолугушууларды уюштуруп , андан тышкары элдин колуна брошюраларды таратышы керек. Чет мамлекеттерде мектептен ар бир окуучуга үйрөтөт. Мисалы , жер титирегенде эмне кылуу керек экендигин 1-класстын окуучусу да билет.

—Учурда биздин өлкөдө жол кырсыгы да көп болуп жатпайбы…

—Жол кырсыгы көп учурда эрежелерди билбеген билимсиздиктен , айдоочулук күбөлүктү жөн гана сатып алгандыктан жана жана башка бир топ маселелердин чечилбегендигинен  улам болуп жатат. Эми мунун да системасын түзүшүбүз керек. Менин оюмча мындай. Мейли , айдоочулук күбөлүктү каалоочулар өздөрү каалаган жерден окуп ала беришсин. А бирок  сынак тапшыруу учуру келгенде адам факторун азайтып  онлайн системасындагы электрондук техниканын көзөмөлү аркылуу гана чыныгы билимдүүлөргө гана айдоочулук күбөлүк берилүүсү керек. Экинчиден , жол инфраструктураны калыбына келтирип аны бир тартипке ,стандарка келтирип жана аны козомолдоо системасы тузуу зарыл. Онуккон олколордун тажыйрбасын карасак ал жерде оөтө жогорку техиникалык деңгээлде коопсуздукту сактоо системасы түзүлгөн.. Эгер жарандар  жол эрежесин бузса аны ал автоматташтырылган система тез эле аныктап тиешелүү жазасын алышат экен. Ошондуктан ар бир жараан жол эрежесин бузгандан коркот.Мындай системаны курууга биздин бюджеттин чамасы жетпейт ошондуктан бул ишти жекеменчик менен чогуу аткарыш керек. Тапкан кирешеңиздин мынча пайызын шаардык , республикалык бюджетке төгөсүз , калганын өзүңүз жумшаган инвестицияңызды жабасыз  деп мыйзамдуу жол менен шарт түзүп  берген кызматташуунун жыйынтыгы акыры өзүнүн жемишин берет .   Алгач алар өздөрүнүн кетирген чыгымын актагандан кийин пайда көрө баштайт. Ошонун негизинде биринчиден , элдин баары тартипти сактайт, жол кырсыктар кескин кыскарып миңдеген адамдын өмүрүн сактап калабыз,жолтыгындар азайып ,жүргүнчүлөргө жакшы жагдай түзүлөт. Бул багытта өкмөт чечкиндүү ,багыттуу иш жүргүзүшү  зарыл.  Таза коом долбоору президенттин демилгеси менен көтөрүлбөдүбү. Ошол өнүгүү программасына бул маселе негизи багыт катары кириш керек.

—Саламаттыкты сактоо тармагы тууралуу айтчу сөзүңүз бардыр…

—Мисалы , бир адам ооруп операция боло турган учурда орун жок деп оорукананын дарыгерлери кабыл алышпайт. Анан бейтаптын айласы кеткенде жеке менчик клиникага барганга мажбур болот. Ал жердегилер операциянын баасын эки эсе айтышат. Операцияны болсо баягы ооруканадагы эле дарыгерлердин бири барып жасайт. Эгер 20 миң сомго жасаган болсо , анда 10 миң сомун клиникадагыларга берип тең суммасын өзү алат. Азыр көбүнчө эле ушундай болуп калбадыбы. Негизинен азыр жарандардын толук ,сапаттуу медициналык кызмат алуу шарт түзүлгөн эмес бизде.Ошон үчүн бул тармакта да системага реформа жасоо керек. Мен бул маселени тынбай көтөрүп жатам. Өкмөткө учурда тапшырма бердик.  Саламаттыкты сактоо реформасына байланыштуу система дүйнө жүзүнүн көптөгөн өлкөлөрүндө иштеп жатат. Ал эми мындай система мурдагы постсоветтик өлкөлөрдүн  арасынан  Эстонияда жогорку деңгээлде ишке киргизилген. Акыры  жыйынтыгы эмне болду? Эстонияда адамдын орточо жаш курагы 78 жаш болду.  Бул өлкөдө ар бир жаранга саламаттыкты сактоо тармагы жетиштүү деңгээлде кызмат көрсөтөт.  Биздин өлкөдө болсо андай эмес да. Эстонияда Социалдык саясат жана саламаттыкты сактоо министрлигинин алдында медициналык камсыздандыруунун эсебинен фонд түзүлөт экен. Фондго акча каражаты ишке жарамдуу жарандардын маянасынын эсебинен келип түшөт. Ал эми пенсия , пособия алгандарга , балдарга , жумушсуз жарандарга  болсо мамлекет жардам берет. Топтолгон акча каражаты ар бир адамга дарыланганга жумшалат.

Оорукананын кызматкерлери  бейтаптарды  толук  дарылагандыгы үчүн   жетиштүү акча каражатын алышат. Бюджеттен бөлүнгөн акча каражаты ошол фондко акча толой албагын жарандар учун багытталат. Фонд менен  келишим түзүп медициналык кызматкерлерге жеке менчик ишканалар өздөрү маяна төлөшөт , кредит алуу үчүн банктар менен кызматташып , ооруканаларды арендага алышып капиталдык оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүшүп стандартка алып чыгышат. Эгер андай деңгээлге жете албаса мамлекет лицензия бербей коёт. Ишинен жыйынтык чыгарган дарыгерлерге мамлекет лицензия берип турат. Бирок ар бир жарандын тандаганга укугу бар. Анткени ортодо түзүлгөн келишимин көбөйтө албаган жеке менчик ишканалар менен фонд кызматташканды токтотот , эл жакшы жакшы барбай жаткандыгынан улам. Дарыгерлер болсо бейтаптарды айыктырса гана акча алат.  Ошон үчүн дарыгерлер жанталашып иштешет. Ал жакта жогорку квалификациядагы дарыгерлерди кызматка алышат. Ал медициналык кызматкерлер жасаган ишине жараша жогорку денгелдеги айлык маяана алышат. Дарыгерлер бейтаптарды сапаттуу тейлеш үчүн айылдык , шаардык деп бөлүшпөйт.

—А бизде саламаттыкты сактоо тармагында жогорудагыдай өзгөрүүлөр болобу?

-Өкмөт сөзсүз түрдө бул багытты реформалоо программасын иштеп чыгып ,ишке ашырышы зарыл,ансыз элдин ден соолугун чыңдай албайбыз. Башка жол жок.

Маектешкен: Айбек Шамшыкеев

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here