Чагылган: Мына кыргыз китептери Шанхайда сатылып жатат. Укмуш болуп кеткен го деп ойлоп кеттиңизби?  Андай болсо кана? Кыргыз китептери Кытайдын Шанхайында эмес, биздин Дордой базардын ичинде Шанхай деген катарда экен, эми ал жериң болгондо да эл билбеген, эл оңой менен басып барбаган, уйтку-буйтку, көздөн далдоо жер. Ошол жерге китеп күйөрмандары кыргыз китептерин жайып алып сатып жатыкашны маалым болду. Башка жерден оңду жер таба албаса, айла жок ошентишет да. Негизи эл ал базарга китеп издеп, сатып алганга бармак беле, кийим –кечек сатып алалы деп барышат. Андыктан китеп саткандардын китеби кыйратып деле өтпөйт, сатылган жайы Дордойдун эл барбаган жеринде эмес, дал оозунда болсо да бир жөн… Мына сага, кыргыз бийлигинин китепке болгон мамилеси. Китеп билим башаты деп бекер айтылбайт. Бийлик, Маданият министрлиги ошол чоң базардын ичинде эл барбаган буручта айласыздан китеп сатып жаткандарга шарт түзүп беришсе. Сатып жатышканын билбейт дагы да. Чоңдор Бишкекте кыргыз китептерин саткна бир эле «Нуска» деген китеп дүкөнү бар экенин билишери да күмөн.  Деги эле, өкмөт эл көп жүргөн, көп жашаган жерлерге китеп дүкөндөрүн ачыш керек. Бул маселеге терең көңүл бурбаса болбойт. Ансыз де элибиз китеп окуудан алыс болуп калды. Идеологиянын өзү мыкты китептерди окуу жана жайылтуудан башталышы керек. Кыскасы, бул маселе көз жаздымда калбашы зарыл…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here