Ош облустук соту ага-ини Сооронбай Жээнбеков менен Асилбек Жээнбековду «мамлекеттин 3 миллион долларын жок кылып жиберген» деп айыптаган милициянын полковниги Абдылда Капаровду өткөн аптада төрт жылга жатак абакка кести. Облустук соттон билдиришкендей, Капаров Кылмыш-жаза кодексинин 338-299-беренелери менен күнөөлүү деп табылды. Ошондой эле Жээнбековдордун пайдасына 244 600 сом өндүрүү тууралуу өкүм чыкты.

Абдылда Капаров былтыр Жээнбековдорду «2010-жылы өкмөт бөлгөн 3 миллион долларды июнь окуясына жумшаган болушу мүмкүн» деп айыптап чыккан. Бирок Жээнбековдор бул айтылгандарды четке кагып, Капаровду сотко берип, утуп алышкан. Ош шаардык соту аны бир жылга түзөтүү колониясында жазалоо тууралуу өкүм чыгарган. Капаров бул өкүм менен макул эместигин билдирип, облустук сотко кайрылган болчу. Кайрылуусу өз башына муш болуп, жазаны көбөйтүп алды.

Булак: Фабула

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here