“Акчаны карызга колуң менен берип бутуң менен аласың»-, деген сөз тегин  жерден айтылбаптыр да. Бүгүнкү каарманыбыз ишенчээктигинин айынын өзүнүн жакын таанышына мындан 6 жылда мурда 15 миң доллар карызга берип , аны учурунда кайра кайтарып ала албай үйүнө чейин издеп барып бутуна биртоп эле күч келген экен. Ал эми аласасын өндүрө албай короткон убактысы менен жапа чеккен ден соолугу тууралуу маалымат берсек сөз көбөйүп кетчүдөй… Учурунда элдин эсебинен пайда көрүп , көптөгөн адамдарга алган карыз акчасын кайтарып бербегени аз келгенсип , алардын арасынан бирөөсүнүн жеңил машинасы менен бир бөлмөлүү квартирасын банкка күрөөгө коюп кредит алып өзүнүн кызыкчылыгына жумшаган Нурзат аттуу орусча айтканда “мощенник айым тууралуу жабырлануучу төмөндөгүдөй маалыматтарды берди.

—Асел айым,  алагач өзүңүз тууралуу атйып, бир катар адамдардан жабыр тартып, алданып жүргөнүңүз тууралуу айтып берсеңиз?

  —Ал -жөнүм Мусаева Асел. Учурунда соода менен алек болуп жүрчүмүн. Менин Оморкулова Нурзат жана Исмаилов Рустам деген тааныштарым Дордой-Жунхай  базарында соода кылышчу.  Экөө жубайлар болот. Мен булардан кээде товар алсам , алар да айрым учурда менден товар алып калышчу. Тактап айтканда, мен Нурзат менен 2006-жылдан тарта жакын тааныш болуп калдым. Нурзат 2009-жылдын аягында Москвадан соода кыла турган жай ачты. Себебин сурасам мунун тааныштары Москвага Кыргызстандан  тигилген кийимдерди алты айга жакын сатып, ар бири 240 миң доллардан таап келип,  андан кийин кышкысын иштебей тургандыгын айтты. Негизи эле дунгандар “мёртвый сезон” декабрдан баштап февралдын аягына чейин иштешпейт. “Сен өзүң ал жакка барбагандан кийин коркпойсуңбу?”- деп сурадым. Мурда мунун эже-сиңдилеринен үчөө-төртөөнү  таанычу элем.  Анан мага ал жактагы соода кыла турган жерге күйөө баласы менен сиңдисин коё тургандыгын айтты. Кайсы сиңдиси экендигин билбейм.  Нурзат бул жактан Москвага товар жөнөтүп өзү көзөмөлдөп турду. Башка адамдардан да товарды сатылгандан кийин акчасын берем деп алып жатты. А мен бул моделди тандабайм , кийим тиктирбейм , жаманатты болгум келбейт, акча гана бере алам деп айттым. Ал менден 15 миң доллар алды. Башка адамдар вотсап аркылуу кийимдердин моделин көрсөтүп буга товарларын алып келгенде складга жыйып Москвага жөнөтүп жатты. Мага акчаңызды иштетип алайын , анан сиз пайдасын көрөсүз деди.

—Сизден ошондо  кайсы жылы  акча  алды эле?

—2011-жылы ноябрь айынын ичинде алган. Андан мурда товарды Москвага жөнөтүп иштеп жатканын көрдүм. Кийин банкрот болуп менден алган акчаны бере албасын айтты. Ага чейин соодасы жакшы болуп жатканын айткан эле да. Булардын товары   аба-ырайы жакшы болуп жаан-чачын болбогон учурда көп эле сатылчу экен.  “Бирөөгө тиктирип алгандан көрө өзүң эле буйрутма берип тигүүчү цехтер менен иштешпейсиңби”,- деп өзүмдүн Анара анан Алина аттуу курбуларымдын тигүүчү цехтерин көрсөтүп , алар менен көздөштүрдүм. Биз менен дайыма кызматташкан тигүү цехтери бар экенин , алар арзан тиккен кийимдердин ар биринен 20-25 сомдон өзүңө каларын , товардын санынан эле пайда көрүүгө болорун айтсам эч көнбөдү. А менде ошол учурда бул жакшы иштеп ийгиликке жетсе мага деле жакшы болот деген ой болгон. Ошентип убакыт өтө берди. Нурзат болсо ар кайсы шылтоону айтып ого бетер убакытты созо берди. Анан кош бойлуу болуп ишке көп чыкпай калды.

Нурзаттын паспортунун көчүрмөсү

 

—Сиз ага 15 миң долларды эч күрөө жок эле кантип ишенип бердиңиз?

—Ал кезде Дордойдо дайыма эле соода боло берет деп ойлогон экенбиз. Алдыда кандай өзгөрүүлөр болуп кетээрин баарыбыз эч ойлобоптурбуз. Эгер алдын-ала билгенибизде кыймылсыз мүлктөрдү,  башка жактан да соода орундарын сатып алып, андан тышкары өзүбүзгө “запас” акча топтоп коймок экенбиз. Мен өзүм деле “АТФ” банктан кредит алып бизнести 2006-жылы баштагам.  Кээде акча алмаштыруучу жайларда иштеген тааныш байкелерден карызга акча ала калчубуз.   Менден сырткары көптөгөн адамдар бул келин күйөөсүнө товарларын берип колдоо көрсөтүп жатканын көргөндүктөн менде жаман ой болгон эмес. Анан кош бойлуу болуп калгандан кийин ,  “кредит алып акчаңыздан берем” дегенде ишенген элем. Кийин төрөгөнүн угуп базардан жолугуп куттуктаган соң акчаны сурадым. Ал ошол убакта  жазында апрель айында  “Росинбанктан” кредит алган экен. Ошондо акчаны бербей качып кетти. Кийин үйгө чакырып акчаны дооласам “расписка” жазып берди.  Орус тилинде жаз десем кыргызча жазды. Менден акча алып өзү пайда көрүп , учурунда карыз акчаны кайтарып бербегендиги үчүн үстүнө 25 миң доллар кошуп жалпысынан 40 миң доллар берээрин  “распискадан” окуп аябай сүйүнгөн элем. Эртерээк беришин талап кылып , менин дагы акчага байланышкан көптөгөн көйгөйлөрүм бар экендигин ага жакшы эле түшүндүргөм. Эртеси эле менден башка дагы башка адамдарга карыз экендигин угуп калдым.

Рустабектин паспортунун көчүрмөсү

Себеби ал  бут кийим саткан Шурубекова Айнура деген келин менен тааныш болчу. Аны мен дагы таанычумун.  Айнурадан канча карыз алгандыгын сурасам 5 миң доллар алганын айтты. Кийин сөздөн-сөз чыгып соттон банкка тиешелүү документтердин арасынан Айнуранын аты-жөнүн окуп калдым. Көрсө, ал үчүн  Айнура жеңил машинасынан тышкары Туңгучтагы бир бөлмөлүү квартирасындагы күрөөгө койгон экен.

Нурзат акыры акчаны бербей жүрүп акыры Москвага кетип калды. Күйөөсү болсо Дордойдо иштеп жатты. Кийин дагы үйүнө барсам товарлары сапатсыз болуп  иши жакшы болбой жаткандыгын айтты. Көрсө ага чейин алдын-ала  банктан 3 млн. 400 миң сом кредит алып , өзүнүн үйүн 1 млн. 450 миң сомго баалап , анан четинен Шүкүрбекова Айнуранын атынан коюлган күрөөлөрдү жаап , сатыкка коюлган үйдү башкаларга документтештиргени  жаткан учурда кармап калдым. Ал күнү кечинде баргандыктан “үй сатылат” деген жазууну байкабай калыптырмын.  Карызды бутка туруп беш жылдан кийин беришерин айтышканда ишенбегендиктен эртеси күнү дагы бардым. Ошондо баягы жазууну көрүп үйдү эмне себептен сатыкка коюлуп жатканын сурасам  бул жер магистраль сыяктуу борбордук трасса боло тургандыктан 80 миң долларга баалап жатышкандыгын айтышканда ишенип кетип калдым. Алардын үйү Касым конушундагы Профсоюз-24 дарегинде жайгашкан. Кыжалат болуп кийин дагы барып үй сатылса мага да акча артаарын айтсам беш жылдан кийин беребиз дебедик беле деп каршы болуп туруп алышты.

том болуп топтолгон кагаздар

Ошондо күрөө койдурбаганымды , баягы жазып берген “распискасынын” мөөнөтү бүтөрүн, андан кийин кагаз түрүндө юридикалык жактан кепилдик жок болгондуктан таптакыр таанымаксанга салып коюшарын айтсам тиги келин эжелеринин үйүн күрөөгө койсо да кутуларын айтты. Анда эжелериңдин үйүн күрөөгө кой десем эч кепке келбеди. Анан ойлонуп туруп  адвокат таап үйүн арестке койдум. Улам сот процесстери жүргөндө эмнеге бул иштин ушунча убакытка созулганын сурашат. А мен өзүмдүн жооштугумдун , ишенчээктигимдин  азабын  эми минтип өзүм эле тартып жатам. А тигилер болсо суудан кургак чыгыш үчүн ар кандай тоскоолдуктарды жасап жатты. Ошондой кыйынчылыктарга карабай мен жеңип чыккандыктан соттун чечими чыкты.  Сот иши боюнча абдан  убара болдум. Анын юаарын айтсам, көп сөз болуп кетет. А бирок азыр деле карызымды өндүрө албай убара болуп жүрөм…

Редакциядан: Асел айымдын мындан башка да өндүрө албай жүргөнн чоң суммадагы карыз акчасы бар экен. Ал акчаны да жакын кишилеринин бирине берген. Бирок акчаны алган адам жеке эле Асел айымдын эмес, бир нече адамдардан чоң суммадагы акчаларды алыптыр. Ал да кенен кеп кылчуу маселе болгондуктан, окурмандарга жакынкы күндөрү сунуштайбыз.

Даярдаган Нурлан Исаев

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here