Жакшы саамалык! Демек, ушунча балдарыбыз Америкада жашап жатышыптыр…

Америкадагы Элчилигибиз жакшы саамалык баштаптыр, америкалык үй-бүлөлөр багып алган кыргызстандык балдар жана алардын ата-энелери менен жолугушуу өткөрүптүр. Америкада эмгектенген мекендештерибиз жана «The Kyrgyz Children’s Future» («Кыргызстандын балдарынын келечеги») аттуу америкалык уюм менен биргеликте уюштурдук дешти. Жолугушууда кыргыз элинин маданияты, тарыхы, мамлекеттик символикалары, кыргызча ыр-бийлерди үйрөтүү боюнча сабактарды уюштурушкан. Сабактар бүткөндөн киийн концерт өткөрүлүп, балдар кыргыз элинин элдик ырларын жана бийлерин аткарышты. Элчиликтин кызматкерлери балдарга комузда ойноп беришти, ал эми «Датка» бий тобу кыргыз бийлерин бийлерин көрсөтүшүптүр.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here