Астанада өтүп жаткан ЭКСПО 2017 көргөзмөсүндөгү кызыктардан берүүнү туура көрдүк. Astana EXPO 2017 эл аралык көргөзмөсү 10-июнда башталган, 10-сентябрга чейин уланмакчы. Көргөзмөдө энергия алуучу булактардын заманбап жасалышы, табигатка зыян тийгизбегендей, баасы арзан болгон жабдыктар көрсөтүлөт. Учурда Казакстанда өтүп жаткан энергетика көргөзмөсүнө дүйнөнүн төрт бурчунан мамлекеттер келип өздөрүнүн жасаган продукцияларын көргөзүп жатышат. Алсак, коӊшу мамлекетибиз Кытай күндөн электр жарыгын алуу боюнча бир нече ойлоп табууларын алып чыкты.

Казакстан атомдук энергияны алып чыкты

Казакстан аталган көргөзмөгө атомдук энергетиканы алып чыгышты. Алардын бир нечесин көргөзмөгө коюшту. Атомдук энергияны тынчтык жолуна колдонууну айткан казак ойлоп табуучуларынын продукцияларына кызыккандар көп болууда. Айрыкча термоядролук “Токамак” реакторуна кызыгуу көп.


Күн менен жүргөн унаа

Өзбекстандын павильонуна баш баккандар күндөн кубат алып жүргөн биомобилди көрүшөт. Ал унааны бир кубаттап койсо 700 чакырымга чейин жүрөт. Андан сырткары, жеӊил өнөр жайын, самолёт курууну да көргөзүштү. Бирок, кардарлардын көбүнүн көӊүлүн экокапсула бурууда. Экокапсула күндөн энергия алат, салмагы 300 кг, баасы 2 миӊ АКШ долллары. Экокапсуланын үстүндө эмгектенгендердин айтуусунда, бул келечектин технологиясы. Аны инфраструктура жок жерде колдонууга болот. Ичине бир адам батат. Күн жылууда салкындатып, суукта жылыта алат.

Германия шамалдан энергия алуучу генераторду алып чыкты

Германия 2016-жылы энергия өндүрүү боюнча рекорд койгон эле. Бул көргөзмөгө болсо алар шамалдан энергия алуучу аппаратын алып келишти. Шамалдан алына турган энергиянын көбү деӊизден алынат. Аны менен катары немистер энергияны биомассадан жана алардын калдыктарынан, ГЭСтерден жана геотермалдык булактардан алышат. 2050-жылга табигатты булгаган энергияны алууну токтотуп табигатка зыян келтирбеген энергияны колдонууга өтөөрүн айтышты.

Самара Саламатова

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here