Нарынга келин болгон орус кызы Ольга Ижик жолдошу менен Бишкек шаарында иштеп жүргөн кезде таанышкан. Ал нарындык жигитке турмушка чыгуу үчүн мусулман динине өткөнүн аймактык кабарчыга айтып берди.
Ольга Ижиктин айтымында, анын канында украин жана орус улутунун каны бар. Ольга жеңенин ата-энеси кичине кезинде ажырашып кеткендиктен Казакстандын Зыряновск шаарында таенесинин колунда чоңойгон.
«Үй-бүлөдө эки бир тууганбыз. Ата-энебиз бала кезибизде ажырашып кетип, менден улуу байкем атамдын колунда, мен апамдын энесинин колунда чоңойдум. Мектепти Казакстандын Зыряновск шаарында аяктап, Кыргызстанга атамдын жанына келе бердим», — деди ал.
Ольга жеңе Кыргызстанга келгенде жеке фирмага жумушка орношуп, ошол жерден жолдошу Максат менен таанышып калган. Кийинчерээк Максат ага жактыруу сезимин билдирген.
«Жолдошумду иштеп жүргөндө күн сайын көрчүмүн. Алгач кесиптеш катары мамиле кылсам, кийин ал мага жактыруу сезимин айтты. Башында көп маани бербей жүрчүмүн. Акыры мени айланчыктап жүрүп, өзүнө кантип багындырып алганын дагы билбей калдым. Акыры ал мага баш кошуу сунушун айтып, бирок мусулманчылыкты кабыл алуум керектигин билдирди. Анын бул сунушун кабыл алып, 2008-жылдын май айында экөөбүз баш коштук.
Жолдошум Максат менен 9 жылдан бери түтүн булатып, 3 кызды татыктуу тарбиялап жатабыз. Улуу кызыбыз мектеп босогосун аттаса, калган эки кызыбыз бала бакчага барышат. Алар атасына окшош»,- деди Ольга Ижик.
Учурда Ольга жеңе үй-бүлөсү менен Нарын шаарында жашайт. Тогуз жылдан бери айыл элинин каада-салтын, кыргыз тилин үйрөнүп, тың келиндердин катарын толуктады.


turmush.kg

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here