Bellator 180 аталышындагы эрежесиз эр уруш турнири Нью-Йорк шаарында өттү.
Россиялык мушкер Федор Емельяненко америкалык Мэтт Митрионго беттештин биринчи раундунда нокаут менен жеңилди. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.

Bellator 180 аталышындагы эрежесиз эр уруш турнири Нью-Йорк шаарында өттү.

https://www.youtube.com/watch?v=K6LLrs_PbRo

Беттештин биринчи раундунда Федор Емельяненко менен Мэтт Митрион бири-бирине катуу сокку узатып, экөө тең кулаган. Бирок америкалык мушкер өзүнө тез келе калып, Емельяненкого бир нече ирет сокку урган. Натыйжада рефери беттешти токтотууга аргасыз болгон. Эки спортчу ушул жылдын февраль айында эле рингде жолугушмак. Бирок мелдешке бир нече саат калганда Митриондун бөйрөгүндө таш бар деген күмөн менен ооруканага жаткырылган. Федор Емельяненко Bellator турниринин алкагында бешинчи ирет жеңилип жатат.
Булак:sputnik.kg

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here