Кол өнөрчүлүк менен алектенип жашоо-турмушунда  бир топ эле ийгиликке жеткен бул каарманыбыз айтымына караганда көп адамга жардам берип,өзүнүн өнөрүн үйрөткөн экен. Бектурсун мырза кеп кезегинде ийгиликке жеткирген бул ишти кантип баштап калгандыгы тууралуу төгүлүп-чачылып төмөндөгүдөй маек куруп берди.

-Бектурсун мырза,алгач окурмандарга өзүңүз тууралуу кыскача маалымат берсеңиз?

-Менин аты-жөнүм Бектурсун Курманов. Бала кезим Нарын облусуна караштуу Нарын районунун Жерге-Тал айылында өткөн. Мектепти ушул эле айылдан 1974-жылы бүтүргөм. Эки жыл аскерде кызмат өтөп келген соң колхоздун чарбалык иштеринде эмгектендим. Андан кийин ал кездеги Фрунзе шаарына келип жогорку окуу жайын ийгиликтүү аяктап, өзүмдүн кесибим боюнча мугалим болуп ишке орноштум. Спорт мектепте машыктыруучу болуп , колхоздо комсомол уюмунун сектор бөлүмүндө, айылдык кеңеште, андан тышкары бир топ жооптуу кызматтарда иштедим.

-Кол өнөрчүлүккө эмненин негизинде аралашып калдыңыз?

-Эми башында кол өнөрчүлүк менен анча деле алек болчу эмесмин. Бишкекке турмуш-шартка байланыштуу 1995-жылы көчүп келгенден кийин кайра мугалим болуп иштеп жүрдүм. Анан өзүңүздөр жакшы билесиздер мамлекетибиз эгемендүүлүктү алган учурда аябай эле каатчылык болбодубу. Алган маянабыз аз болуп базар экономикасы кыйынчылык жараткандыктан  бир иш баштоого туура келип калды. Өзүмдүн колум бир нерсе жасаганга жөндөмдүү болгондуктан көп деле ойлонгон жокмун. Анткени айылда жүргөн кезде ат жабдыктарын жасай койгон жайым бар эле. Бир күнү борбор калаабыздагы ЦУМга кирсем кол өнөрчүлүккө тиешелүү буюмдар турган экен.

Аларды карап отуруп көщүлүмө жаккандыктан бул иш колуман келээрине көзүм жетип атайын эки бозүй сатып алдым. Үйгө келгенден кийин өзүмдүн чыгармачылык фантазияма жараша алгач эки эле бо зүй жасадым. ЦУМга алып барсам эле сатуучулардын кызыгуусу артып мага буйрутма бере башташты. Ошондон кийин бозүй, төө,камчы жасоого катуу кириштим. Буйрутма көп болуп өзүм жалгыз жетишпегендиктен бул ишке бала-бакырам да жардам бере баштады. Бул ишке көптөгөн жакын жакын адамдарым аралашып иштин көзүн билгендиктен өз алдынча тирилик кылышып бир топ эле турмуштук муктаждыктарын чечип алышты. Алардын арасында өзүмдүн күйөө балдарым,куда-сөөктөрүмдөн тышкары бейтааныш адамдар да бар болчу.

 

-Бул иштин арты менен өзүңүз деле бир топ каражат тапсаңыз керек…

-Албетте, үй-бүлөлүк казынага жакшы эле киреше түшкөндүктөн мал топтоп, эки үй салып, айтор материалдык базамды бир топ эле чыңдап алдым. Ишим илгерилей баштаганда “Кыял” кол өнөрчүлүк борборунан, “Дордой базарынан, ал тургай Казакстандан көптөгөн буйрутмалар келе баштады.

-Казакстандагылар бозүйгө кандай себептен кызыгышат экен?

-Казакстанда чоң тойлор болгондо келген ар бир  мейманга боз үйдү белек катары беришет экен. Казакстандан кийин Россия, Түркиядан бери келип кызыгып буйрутма берип сувинерлерди сатып алып кете башташты. Алар көбүнчө төө менен камчыга кызыгышат экен.

-Жогоруда айткандарыңызга караганда бул өнөрдү көп эле адамга үйрөткөн экенсиз. А эмне үчүн өзүңүз жеке ишкер болуп ишиңизди андан ары илгерилеткен жоксуз?

-Жеке ишкер болгонго мурда эле көщүлүм деле бар болчу. Жогоруда айткандай бир топ убактым өзүмдүн жакын адамдарыма жардам берип, иштин нугун тапканга жол көрсөтүп бергенге короду. А бирок “ийгиликтин эрте-кечи жок”,- демекчи азыр деле кеч эмес. Учурда атайын станок алып биргелешип иштешели деп акчалуу адамдар келип жатышат. Буюрса жеке ишкер катары өз ишмердүүлүгүмдү жүргүзүп калгым бардыр…

-Ийгилик деп айтып калбадыңызбы. Мунун сыры эмнеде ойлойсуз?

-Ийгиликтин сыры-тынымсыз эмгекте деп баса белгилеп кетмекчимин.

-Буга чейин бозүйлөрүңүз көргөзмөгө коюлду беле?

-Спорт ордосунда өткөрүлгөн көргөзмөлөргө эки жолу коюлган. Андан тышкары Германияда өткөн Эл аралык көргөзмөгө дагы менин жасаган бозүйлөрүм коюлган. Ал жактагы көргөзмөгө өзүм бара алган жокмун. Маданият министрлигинин өкүлдөрү көргөзмөгө бозүйлөрдү алып барышкан. Бул көргөзмө өткөрүлгөндөн кийин Германиядан атайын өкүлдөр келишип мени менен Маданият министрлигинде жолугушуп кызматташуу тууралуу сунушун айтышкан эле. А бирок , тилекке каршы министрликтин өкүлдөрү мени менен байланышпагандыктан бул иш аягына чыкпады. Азыр эстесем ал кезде маданият министри Нурлан Шакиев болсо керек эле.

      Суроо салган,  Нуркемел ИСАЕВ

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here