Чагылган: Атамбаевдин Россияга жасаган 5 күндүк иш сапары бүтө электе Россиянын Мамдумасы жыландын башын кылтыйтып, кыргыз элине жагымсыз кабар таратты. Кыскарта чапканда Кыргызстан менен Казакстандын жоокерлерин Сирияга жөнөтүү боюнча сүйлөшүү жүрүп жатканын, жакын арада бул маселе чечилерин, бул эки өлкөнүн эр жүрөк жоокерлери кан агып, бей күнөө адамдар өлүп жаткан тозоктун жери Сирияда тынчтык орнотот дейт. Эмнеге Кыргызстан? Анткени, биздин мамлекет Россияга өтө эле ийкемдүү. Атамбаев Путинге жагынуу максатында «кыргыздар этникалык орустар, түбүбүз Россия» деп айта берет, анын оозун бирөө тырмап жаткансып. Кыргыздар кайдан этникалык орус болуп калат? Кыргыз байыртадан уюткулуу журт! Каганат түзгөн. Азыркы Россиянын аймагында жашаган. Ал ортодо экспертерден мурун карапайым эл соц баракчаларда кыргыз жоокерлерин Сирияга жөнөтөт экен деген  маселе кызуу талкууга алууда. Көпчүлүк бул маселеге Атамбаев аргасыз макул болсо керек, себеби, Путин Кыргызстандын бүт карызын кечпедиби деп божомолдоп жатышат. Бул эми акылга сыйбай турган маселе, эгер маселе ушул өңүттө каралган болсо, анда Атамбаевдин кыргыз элине чыккынчылык кылганы десе болот. Ансыз да  элибиз аз, жоокерлерибиз деле ченелүү. Эмне, бийлик аларды Сирияга жөнөтүп, кыргысы барбы, булардын… Карыз демекчи, Кыргызстандын тышкы карызы 4 млрд. долларды чапчыса, анын негизги бөлүгүн Кытайдан алганбыз. Эртең кокус Кытай кайсы бир мамлекет менен тирешип калса (анын жүзүн наары кылсын дейли), өз аскерлерин аяп, Кыргызстандан карызыңарды кечебиз жоокерлериңерди согушка айдагыла десе, эмне болот? Мына сага, маселенин чоо-жайы….

Кандай болгон күндө да, Сириядагы согуш биз үчүн эмес. Россия менен АКШ ал кичинекей мамлекет үчүн тиреше беришсин, бирок бизди аралаштырбасын. Россиянын жоокерлери биздикинен алда канча көп. Өздөрүнүкүн аябай, алып бара берсин баарын.  Биздин жигиттер Сирияга барбайт!  Элибиз буга түп көтөрүлө каршы чыгат. Ансыз да ал өлкөгө азгырылып кеткендердин саны  бир нече миңдеп саналат. Өлгөндөрдүн так эсеби жок. Деги эле ал жакка кетишкен мекендештер биздин эл үчүн тирүүнүн өлүгү болуп эсептелет. Ал жакка барып, аман келгендерден эмне пайда? Пайда жок! Алар коомчулукка коркунучтан башка эч нерсе жаратпайт. Андыктан Атамбаев баштаган азыркы бийлик Сирия деген маселени унутуш керек. Барса, ошол кыргыз элин тоноп, мүлжүп жатышкан чиновниктер барышсын! Ошолор Россия үчүн согушуп, автомат көтөрүп, айфондору менен согуштан бир элес деп «селфи» кыла беришсин! Алар жөнөшсө, эл каршы болбойт, батасын берет. Ансыз да алкымы чоң бир далай атка минрелерден элибиз кутула албай зар какшап келет...Ал эми карапайым элге тынчтык керек! Сирия өз башы менен кетсин, желкебиздин чуңкуру көрсүн. Казакстандын ТИМ болсо, Сирияга казак жоокерлери барбай турганын, бул маселе боюнча эч ким менен сүйлөшүү жүргүзбөгүнүн билдирди. Азырынча кыргыз бийлиги бул маселе боюнча жооп узата элек. Акылы бар адамдай жооп берет деп үмүт кылабыз. Эгер Россиянын айтканындай болуп кетсе, анда маселе чатакка айланат…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here