Президенттик шайлоо жакындап, амбициясы барлар элди эстеп аймактарды аралап, камылга көрө баштагандан бери кара жанын калкалап чет өлкөдө баш калалап жүргөн Мелис Мырзакматовго жан кирди. Маалымат каражаттары аркылуу маек берип, ак жеринен кодулоого туш болгонун айтып ыйламсырап, эл деген уулдарын коргой албайт дегенди кыйытып, карапайым калкка нааразы болуп, эмне кылаар айласын таппай убара. Бул жоругу менен президенттик шайлоого аттанып жаткан аттуу-баштуулар ал-абал сурап калышса, кылмыш иштерин кыскартууга көмөк кыла тургандар чыкса шайлоодо жардам көрсөтөт элем дегенди айта албай жаткандай. Кыргызстанга жашыруун келүүгө аракет көрүп жатыптыр деген маалыматтар да бекер жеринен айтылып жатпаса керек. Сыягы, шайлоонун шарапаты менен кимдир бирөөнүн этегине эрмешип, өлкөгө кайтып келүүнү көздөп жатат өңдөнөт.

Булак: Фабула

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here