Кыргызстанда президентик шайлоо 15-октябрда өтөт. Талапкерлерди көрсөтүү 15-июнда башталган. Документ тапшырылгандан кийин 10 күн ичинде БШК көрсөтүлгөн талапкерди каттоо же андан баш тартуу боюнча чечим кабыл алат. Президент болгусу келгендер 30 миңден кем эмес кол топтолгону, шайлоо күрөөсү боюнча документти, президенттикке талапкер катары көрсөтүлгөнү тууралуу саясий партиянын курултайынын чечимин же өзүн көрсөткөнү тууралуу арызын БШКга тапшырышы керек. Талапкерлерди көрсөтүү шайлоого 75 күн калганда токтойт. Күрөө 1 миллион сом.

Эң алгачкылардан болуп, 16-июнда Базар-Коргон районунун тургуну Назарбек Нышанов биринчилерден болуп өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен президенттик жарышка баруу максатында арыз жазып, тиешелүү документтерин БШКга тапшырды. Сыягы, атын чыгара албагандарга жакшы мүмкүнчүлүк түзүлдү окшойт… Дегенибиз, кезинде Нышановго 2007-жылы уурулук боюнча ИИМ издөө жарыялаган жайы бар. Кийин кандай кылып кылмыш ишин кыскартканы белгисиз…

Булак Фабула

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here