-Алмаз мырза, жакында БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова   быйылкы президенттик шайлоонун өтүүсүнө таза жүз пайыз кепилдик беребиз деп билдирүү таратты. Эми сиз  бул жерде көп убакыттан бери иштегендиктен БШКнын ички кухнясын, күңгөй-тескейин, жетишкендиктерин, кемчиликтерин жакшы билесиз.  БШК материалдык – техникалык база жактан шайлоо маселесин таза камсыздоого толук жооп береби?

-Негизи эле азыркы төрайымыбыз эле эмес, буга чейинки төрагаларыбыз деле жогорудагыдай билдирүүлөрдү таратып келишкен.

—Эми ал формалдуу болуп келген да…

—Жок , андай эмес. Башынан эле ушундай болчу. Өзүңөр жакшы билесиңер, биздин комиссиянын 12 мүчөсү ар кайсы саясий партиялардан келишкен. Кыргызстанда биздей эле укукка ээ болушкан шайлоо комиссиясынын 24   миңге жакын мүчөсү бар. Алардын жарымы саясий партиялардан, жарымы болсо жергиликтүү башкаруу органдарынан келишкен өкүлдөр болуп эсептелет. Төрайымдын азыркы айтканына ишенсе болот. Себеби 2015-жылдан бери биздин республикага жаңы технологиялар келип жатат.  Биометрикалык иденификация менен алдын ала эсептөөчү автоматтык урна шайлоону өткөрүүдө чоң роль ойноп жатат. Учурда талаш-тартыш маселелер шайлоо участкасында анча деле жаралбай калган. Дегеним, бул маселени буга чейинки шайлоолор көрсөттү. Шайлоо комиссиясы эч качан бурмалап туура эмес иш кыла албайт. Себеби иденификация бар болгондуктан тизмедеги шайлоочу өзү гана келип добуш берип,  бир гана бюллетень алып урнага сала алат. Анан шайлоо бүткөндөн кийин  алдын ала маалымат бергенге мүмкүнчүлүк бар.  Участкадагы комиссиялар протоколдорду түзүшүп саясий партиялардын өкүлдөрүнө бөлүштүргөндөн кийин борбордук шайлоо комиссиясынын сайтына шайлоонун жыйынтыгы тууралуу маалыматтар жайгаштырылат. Андан тышкары, Бишкектен туруп эле  ар бир аймакта шайлоонун жыйынтыгы кандай болуп жаткандыгы тууралуу жеткиликтүү маалымат алганга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ар бир участкада шайлоонун жүрүшүн көзөмөлдөчү мониторингдер болот.

—Демек , буга чейинки шайлоолорго салыштырмалуу жыйынтык 10 эсе ылдам болот экен да?

—Андай деле болуп калышы мүмкүн.  Себеби биз буга чейинки президенттик шайлоонун жыйынтыгын 20 күндөн кийин чыгарганбыз. Балким , бул жолку шайлоонун жыйынтыгы беш күндүн аралыгында чыгып калгысы бардыр. Эми шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп даттануучулардын арызын эки күн ичинде бериши  керек.  Андан кечигип калышса биз арызын карай албайбыз. Деги эле баарыбыздын шайлоо ачык, таза, калыс, адилеттүү өтсө деген оюбуз бар.

—Парламент коомчулукта талаш-тартыш жарата турган мыйзам кабыл алып жатканынан кабардар болдук. Ал мыйзамдын негизинде шайлоо өтүп жаткан учурда Эл аралык байкоочулар мурдагыдай мүмкүнчүлүктөрүнөн ажырап шайлоого сырттан эле көзөмөл болот экен. Буга эмне дейсиз?

—Аларга чектөө коюлбайт. Мурдагыдай эле көзөмөлгө  ээ болушат. Бирок шайлоо участкаларына барганда шайлоочулар  менен шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнөн салыштырмалуу байкоочулар көп болуп жатпайбы. Деги эле, байкоочулар жок болсо дагы азыркы система менен  участкалык комиссиянын мүчөлөрү туура эмес иштерди жасай албайт. Бирок шайлоо  учурунда кайсы бир жерде мыйзам бузуу болсо, ал боюнча арызданса, бирок ал арызды кайра ар кандай сүйлөшүүлөр менен алдырып, койсо, биз мыйзам бузулганы көрүнүп турса да, аны карай албайбыз. Парламент депутаттары ушул маселени жеңилдетип, жумшартып салды да.

—Анда силер жогорудагы мыйзамга каршы эмес экенсиңер да?

—Негизи эле борбордук шайлоо комиссиясы мыйзамды колдогон орган болуп эсептелет. Андыктан мыйзам чала болсо да аткарышыбыз керек. Бирок ошол эле учурда айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизүү тууралуу сунушубузду парламентке беребиз. Кудайга шүгүр, мурдагыга караганда бир топ өзгөрүүлөр болуп жатат. Ар бир шайлоодон кийин анализ кылып тургандыктан жылдан-жылга шайлоого байланыштуу мыйзамдарыбыз улам жакшырып келе жатат. Дагы бир айта кетчү нерсе, бюджет маселеси толук чечилбей, кармалып калып жатат. Мисалы, былтыр шайлоодо иштеген шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн айлыгын эмгиче төлөп бере албай жатабыз. Мына ушул маселе тиешелүү жактан кечигип калды. Бирок кечигүү менен болсо да, эми төлөп берүү маселеси чечилди. Жалпысынан  3 млн. сомго жакын акчаны төлөп беребиз.

Бул шайлоодо эми мындай көрүнүш кайталанбайбы?

-Буюрса, кайталанбайт. Шайлоого жалпысынан  671 млн. 502  миң сом каралды. Анын 132 млн. сому экинчи тур болуп калса, ага кетет. Бир сөз менен айтканда шайлоо маселесинде баардык маселе, уюштуруу иштерине  каражат ушул суммадан кетет. Эгер эл аралык уюмдар, ар кандай донорлор шайлоо чыгымдарын көтөрөбүз деп сунуш берип калса, биз алар менен иштешебиз. Андай болсо бюджеттен бөлүнгөн акча, суммасына жараша азайып, мамлекетте кала берет.

—Бизде мурунтадан эле калыптанып калган көрүнүш бар эмеспи. Бул шайлоодо баштагыдай катуу болбосо дагы кандайдыр бир деңгээлде бийлик тарабынан административдик ресурс колдонулбайбы?

—Колдонулбайт. Участкалык комиссия менен жергиликтүү бийлик органдары таасир эте албайт. Бирок  участкадан сырткары жерлерде “кызматсыз каласың” деген сыяктуу коркутуулар болушу мүмкүн.  Жергиликтүү бийлик органдарында азыркы парламенттеги саясий партиялардын өкүлдөрү отурушпайбы. Демек, кызматкерлерге  эч кандай андай кыйынчылык жаралуусу  мүмкүн эмес.

—Бирок кайсы партия күчтүү болсо алдыга кетет да?

—Эми андай сөздөр айтылбай койбойт А бирок кабинага киргенде шайлоочунун өзүнүн намысы бар. Азыр кызматка таянып бирөөгө кысым жасап “баланчага добуш бересиң” деп айта албайсың. Айткан учурда  да ишти теңирден тескери кылып коюшу мүмкүн. Учурда технология укмуш өнүккөндүктөн элдин баары маалыматты интернеттен алгандыктан мурдагыга караганда саясий аң-сезими бир топ эле өскөн. Талапкерлерге да кол топтоо боюнча жаңы талаптар коюлду. Кол топтоо маселесине катуу көзөмөл болот. Бирок мурункудай бизге 200-300 миң колдун кереги жок. Биз талап кылган колду таза кылып толтуруп келсе болду. Эми биз 100 миңди, же 500 миң кол топтоп келсе анын баарын карабайбыз. Ошонун 45 миңге чейинкисин эле БШКга жөнөтсө болот.  Ошон үчүн жасалма кылбай, ар бир адам өзү толук аты – жөнүн, толук маалыматты өзү жазышы зарыл. Кол текшергенге 10 эле күн берилген.

—Буга чейин жергиликтүү кеңештерге шайлоолор өткөрүлгөндө сиздердин төрайымдын ишмердүүлүгү  тууралуу массалык маалымат каражаттары көптөгөн сын-пикирлерди жазып чыгышпадыбы. Балким алар ал киши тууралуу жакшы билишпегендир. А сиз болсо жакындан билесиз да?

—Мен бул адамды көптөн бери билем. Андыктан бул адамды административдик ишти, дипломатиялык ишти жана парламенттин ишин абдан жакшы билген адис деп айта алам. Балким эл мурдагы төрагаларга көнүп калгандыр. А бул адамдын борбордук комиссиянын аброюн көтөрсөмбү деген жакшынакай ою бар. Өзүн коомчулукка башкаларга окшоп пиар кылбайт. Мен көп жылдан бери бирге иштешкендиктен ишмердүүлүгүнө баа берип “ушул адамдан бир нерсе чыгат” деп ичимден ыраазы болуп ойлоп койчу элем. Мүнөзү жумшак болгондуктан бирөөгө катуу айтпайт. Өз ишин мыкты билген профессионал  адис  деп баса белгилеп кетмекчимин. Бир сөз менен  айтканда мыйзамды сыйлаган таза адам.

Маектешкен, Айбек ШАМШЫКЕЕВ

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here