Кадыр түн орозо айындагы касиеттүү түн деп эсептелет. Бул түнү мусулмандар таң аткыча уктабастан жакшы ой-тилек менен элге тынччылык, токчулук, бейпил турмуш каалап, жакшылыктарды тилеп, куран окуп өткөрөт.

Миң айга тете болгон бул түндү кантип туура өткөрүү керек? Ыйык түндө эмнелерге тыюу салынып, эмнелерге уруксат берилерин Sputnik агенттигине Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын фатва бөлүмүнүн адиси Бактияр Токтогазы уулу түшүндүрүп берди. Орозо кармагандарга тиешелүү 9 «болбойт» Ичимдик ичкенге болбойт. Бул түнү адам тазаланып, жакшы тилектерди айтуу менен тосуусу зарыл. Көңүл ачуучу жайлардан тоспойт. Кадыр түндү үйдөн же мечитке барып тоскон оң. Кадыр түндө ушак айтып, жаман сөз сүйлөшпөйт. Негизи бул түн миң айдан да артык деп айтылат. Эгерде Кадыр түнү эки ирет намаз окусаңыз, 83 жыл окуганга барабар болору айтылып келет. Жаш курак маанилүү эмес. Кадыр түндү картайган абышка-кемпирден баштап кичине балдарга чейин тоссо болот. Бирок алар милдеттүү эмес. Негизи Кадыр түндү көпчүлүк балакаттан өтүп калганда тосуп башташат. Уктап калбайт. Кадыр түн күн баткандан таң атканга чейин, башкача айтканда, күн чыкканга чейин тосулат. Бирок таң атканча отурууга мүмкүнчүлүк жок болсо, жок дегенде ооз жабарга чейин дуба кылып, эки рекет намаз окуп отуруу максатка ылайык болуп саналат. Дасторконду жайнатып коюу шарт эмес. Кадыр түндү колунда бар тамагы менен тоссо болот. Бирок шарт болсо жайнаган дасторкон, түркүн даам-татым ашыкча болбойт.

Сериал, тасма, көңүл ачуучу берүүлөрдү көрбөйт. Кадыр түндө телевизор көрүүгө болот, бирок анда шариятка тиешелүү баяндарды же тарбиясы бар маанилүү тасмаларды көргөнгө гана уруксат. Кадыр түндү бекер өткөрүп жибербөө керек. Шаан-шөкөт кылып ырдап, чоордоп өткөрбөйт. Кадыр түндү дос-тааныштардын баарын чогултуп алып, шаан-шөкөт кылып ырдап-бийлеп өткөрүүгө ислам дини жол бербейт. Андан көрө ошол эле жоро-жолдоштор менен ак дасторкон четинде баяндарды айтып отурса сообу көбүрөөк тиет. Адамдын саны эсептелбейт. Кадыр түндү адам жалгыз деле тоссо болот. Бирок эгер жакын туугандары же достору жок болуп жатса жакынкы мечиттерге деле барса болот. Анткени бул күнү бардык мечиттердин эшиги ачык болот. Ыйык Рамазан айында ооз бекитүү (имсак) жана ооз ачуу (ифтар) убактысын 2017-жылдын орозо календарынан караңыздар>>
Булак: sputnik.kg/

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here