Балдар жактоочусу Айжан Кадырова жүрөк сыздаткан окуяларды жүрөгү аркылуу көп өткөрөт.

Балдар күбө болуп, аралашкан кылмыш иштери анчейин ачыкка чыкпагандыктан, коомчулук алар туурасында супсак даярдалган отчеттордон гана кабардар болот. Он жылдан бери балдар укугун жактап келе жаткан Айжан Кадырова мындай трагедиялуу окуяларды күн сайын өз көзү менен көрөт.

-Өз кыздарын үч жыл бою зордуктаган жарандын соттук иши жаңы эле бүттү. Ал ата сөрөй өмүрүнүн акырына чейин эркинен ажыратылды. Кыздардын укугун коргоо моралдык жактан сизге канчалык татаал болду?

— Аябай кыйын. Кыздарды алгач ирет сотко алып келишкени эсимде. Аң-сезимине ашыкча доо кетирбеш үчүн алар тосмолонгон терезелери бар каардуу сот залында эмес, соттун жайлуу бөлмөсүндө суракка алынды. Кадыресе гана бөлмө болчу, бирок кыздар киргенде бөлмө кеңейип кеткендей сезилди. Наристелер ушунчалык кичине, аппарык, назик эле. 13 жана 8 жашар ал кыздардын жообу залдагылардын баарын жашытты. Ал тургай, сот тумбасы тарапка эңкейип, кагаз жүз аарчы менен көзүн сүрткөнсүдү. Менимче, ал да төбө чачты тик тургузган окуяны укканда кармана алган жок өңдөнөт.

Кичүүсү баарын төкпөй-чачпай айтып жатты: дененин кайсы бөлүгү кармалап, кайсыл жерден, кантип… Анын айткандарынын баары медициналык экспертизада тастыкталган. Анан: «менин атам жакшы, андан кийин мени дүкөнгө алпарып, каалаганымдын баарын алып берчү! Суранам, аны түрмөгө камабагыла»,  — дейт. Кичкинтай ага жаман бир нерсе жасалганын аңдай алган да эмес. Жашы жете электер үчүн бөлмөгө баш багып калсам менден «атамды ал жакта жакшы багышабы?»,  — деп сурап жатпайбы. Атасына сарсанаа болуп… Бир ирет сот залында атасынын мойнуна асылды. Атасы аны кучактап өөп «алтыным, мен сени мененмин…» дейт. Он жылдык тажрыйбамда айыпталгандарды көп көрдүм, адам качан чыныны, кайсы убакта калп айтып жатканын билип деле бүттүм. Кызын кучактап турат да, көзү менде. Кызын өөп, анан айланасындагылар кандай кабылдарына кылдат көз салганын карасаңыз. Күнөөсүн мойнуна албаса да, кылмыш жасаганына менин көзүм жеткен. — Улуу кызы эмне деди?

— Ал баарын түшүнүп-билген. Күчтүү, сулуу, чачы өрүлгөн кыз башын бийик көтөрүп турду. Башынан өткөргөндөрүнөн эч сыр бербей, курмандыктай таасир калтырган жок, өзөгү бекем экен. Ошол жагдайдын эң кыйын, эң оор учурларын кыздардын улуусу көтөрдү. Далистерде да, көчөдө да баарынын көзү ага тигилип жатты. Айыл кичинекей да, анын үстүнө элдин баары бул окуядан кабардар. Байкушум, жок болуп кетейин дейт жөн эле… Чүрпөсүн ушунчалык бүлгүнгө салган атасын жек көрдүм. Кийинчерээк улуу кызы атасына каршы көрсөтмөлөрүнөн баш тартты. Чоң энеси буга түрткү болду окшойт.

— Ал неберелерин сактап калуу үчүн өз уулунун үстүнөн арыз жазбады беле?!

— Ооба, бирок кийин ал ачуусу менен ойдон чыгарып койгонун айткан. Башында уулун эки жумага камап, акылына келгенде чыгарат деп ойлосо керек. Иш мынчалык тереңдеп кетерин элес албаган өңдүү. Мындай мыкаачыны тарбиялап, кылгандарын көргөн соң андан дароо кечип кетпегени үчүн социалдык желеде ал аялды жектеп жатышты. Бирок чындыгында ага абдан эле кыйын болду. Өз уулу неберелерин мындай кордогонун көргөндөн өткөн жаман сыноо барбы адам үчүн? А бирок кыздардын энеси чындап эле көп нерсеге айыптуу. Аны көпкө издешти. Иштин материалдарына ылайык, сойкулук менен шугулданат көрүнөт. Аял балдарына баш-көз болсо, мындай жүрөк тилген окуя болбойт эле.

Адвокат Айжан Кадырова: азыр абакта балдардын саны көп эмес, 30дун тегерегинде. Бул – 2007-жылы жүргүзүлгөн реформалардын натыйжасы. Буга дейре колонияда 300-400 бала жатчу.

— Айтпаңыз, үрөй учурат. Алгачкы ишиңиз эсиңиздеби?

— Балдардын укугун коргоо менен он жылдан бери алекмин, алгачкысын эстеш оңой эмес. Бирок эң башында мени жолдон чыгарып кое тургандай бир иш алгам. Жакталуучум 17 жаштагы өспүрүм эле. Досу менен жалгыз бой аялдын батирине кирип, аеосуз сабап, денесине бир канча ирет бычак урушуптур. Жабырлануучу бир ажалдан калды. Тигил өспүрүм балдар үйүндө тарбияланган. Бул жарыкчылыкта анын эч бир жакыны жок экен. Жашы келгенде балдар үйүнөн чыгарылып, кароолчу болуп орношкон унаа токтотуучу жайда жашаган. Окуядан кийин жетекчилиги да иштен кетирип, бала көчөдө калыптыр. Маңдайымда олтурат. Жаалданган да жок, ачуулуу да эмес. Кылмышка аргасыз барган, ач экен, тамак сурап ичээр эч кимиси жок. Сот жыйындарына барып жүрдүк. Адегенде ага 11 жыл беришти. Кийин берилген жазаны кайра карап, алты жылга кыскартышкан. Үч жыл олтуруп, мунапыс менен чыкты. Көпкө байланышып жүрдүк. Унаа оңдоочу жайга орношту, үйлөндү, кыздуу болду. Үй-бүлөсү менен Россияга көчүп кетти. Билишимче, азыр абалы жакшы.

— Балага боор ачыйт, бирок катаал балалыгы үчүн тиги аял эмнеге жабыр тартышы керек эле? Аз жерден өлүп кала жаздаптыр, өспүрүмдүн мындай аз мөөнөт менен кутулганы сиздин оюңузча адилет өкүмбү?

— Мындай учурда узак убакытка эркинен ажыратып тим калбастан, балдар менен иш алып барганыбыз адилеттүү иш болмок. Алар го качандыр бир абактан бошоп чыгат, бирок коомго тиш кайраган, кылмыш дүйнөсүнөн тапкан жаңы достору менен чыгат. Сотто дагы бир өспүрүмдү жактап калдым. Судья ага аталык мээрим менен эңкейип: «Ай, балам, кайда жиберейин сени, айтчы деги? Сени кое бергенге даярмын, бирок бара турган жериң, баш-көз болчу туугандарың барбы?», – деп сурады. Өспүрүм: «Эмнеге? Кайра эле Вознесеновкага жибериңиз (түзөтүүчү балдар колониясы жайгашкан жер – ред.). Ал жакта баш калкалар жайым бар, тамак-аш, досторум бар», – деп жооп кайтарды. Ошондо кылмышкерлерди түзөтөбүз деп жар салган системанын талкаланып бүткөнүн түшүнөсүң. Түзөп, туура багыт бергендин ордуна балдарды темир тор артына жиберүү менен аларды ого бетер жаман жолго салабыз.

Албетте, адамды бычак менен бышуу – оор кылмыш, бирок балдар мындайга чанда барат. Жашы жете электер аралашкан кылмыш иштеринин көбүндө жабырлануучудан чын дилден кечирим сурашы үчүн өспүрүм менен тек гана сүйлөшүп, дартын угуу жетиштүү. Дагы бир көйгөй – республика боюнча жашы жетелектер үчүн бир гана Чүй облусундагы Вознесеновкадагы колониянын болушу. Кылмыш кайда жасалбасын, баарын ошол жакка алпарышат. Үй-бүлөлөрүнөн ыраак калат. Бир жолу Нарын облусунан бир бала менен сүйлөшүп калдым. Өгөй атасы анын энеси менен карындашын дайым сабачу экен. Мындан улам ал бала өгөй атасын өлтүрүп тынган. Жашы боюнча аны эбак чоңдор жаткан абакка которуу керек эле. Ошондо кайда калары тууралуу маселе чыкты. Ал Нарында эмес, Чүй облусунда калууну чечти. «Ал жакта эмнем бар? Апам ушул кезге чейин бир да ирет келип кабар алган жок», – дейт. А мен баарын түшүнүп турам, апасынын, балким  жол киреге акчасы жоктур. Системаны жактап бир нерсе айткым келет – азыр абакта балдардын саны көп эмес, 30дун тегерегинде. Бул – 2007-жылы жүргүзүлгөн реформалардын натыйжасы. Албетте, кээде, оор жараяндан чыгып үйгө келгенимде мунун мага зарылчылыгы бар беле дейм. Бирок, уктап эс алгандан кийин кайра тоону томкорууга даярсың.

— Жакталуучуга жардам берүүдөн баш тарткыңыз келген учур болобу?

— Ооба, бирок бир да жолу андайга барган жокмун. Бирок өспүрүм ар качан түнт болуп «мага тийбегиле, андан көрө отуруп чыгайын!» деп сабырыңды түгөтүшү да мүмкүн. Жакталуучуларымдын бири 16 уурулук иши боюнча күнөөлөнүп жаткан. Сегизин мойнуна алды, калганы ага «илинип калды» – милиция кызматкерлери ушинтип айтышат эмеспи, ошол аймакта жасалган, бети ачылабаган кылмыштарды айыпталуучунун мойнуна илишкен. Ал жигит башты аябай тегеретти, бир туруп уурулукту мойнуна алат, кайра баш тартат. Сотко да, мага да акыл үйрөтөт. аябай кыйналып кеттим! Акыры ал сегиз иш боюнча акталып, эки жылга кесилди. Мөөнөтүнүн басымдуу бөлүгүн убактылуу кармоочу жайда өтөгөндүктөн, абакта болгону бир нече ай гана отурмакчы болду. Сот залынан конвой алып кетип баратканда ал мага: «Эжешка, респект!» (Эжеке, сизге таазим! – деген мааниде – ред.) дейт. Бул чын дилден айтылган эң мыкты алкоо болду.

— Сизди көп коркутушабы?

— Кээде болуп калат. Бир жолу аялына, балдарына кол көтөргөн, ээн баштык кылган күйөөсүнөн ажырашкан аялга эки эркек баласын калтыруу үчүн жан үрөдүм. Колдору кишенделген ал кишини сот залына алып келишкен. Ошол маалда өзүм боюнча маалыматты – аты-жөнүм, дарек, телефон номурумду айтып жаткам. Балдардын атасы блокнотуна баарын жазып алыптыр, мага аны көзгө сая: «Кара, баарын жазып алдым. Кайда турарыңды билем!», – дейт. Сот, албетте, ага эскертүү берди, бирок жанына келип аны муштай албайт да. Кечинде мага телефон чалып, «кызың кайсы бала бакчага барарын билем» деди. Бактыга жараша, булар куру коркутуулар эле.

— Жактоочулук кесипти аркалап калганыңызга өкүнбөйсүзбү?

— Жок. Бирок университетти аяктап жатканымда ушундай иштер менен алектенерим дегеле ойго келген эмес. Бир ишкананын юристи же соттун катчылыгында иштесем керек деп ойлогом. Жумуш тапканча деп эжем мени жактоочунун жардамчысы кылып орноштурду. Эки жыл бир  тыйын албастан, жардам бердим. Соңунда жактоочулук мага жат эмес экенин түшүндүм. Албетте, кээде, оор жараяндан чыгып үйгө келгенимде мунун мага зарылчылыгы бар беле дейм. Бирок, уктап эс алгандан кийин кайра тоону томкорууга даярсың.
Булак: sputnik.kg

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here