Мамлекеттик «Кыргыз темир жолу» ишканасы Кыргыз-Орусия өнүктүрүү фондунун акчасына 150 вагон сатып алууда. Бул боюнча тендер өтүп, жеӊүүчү компания менен келишим түзүлүү алдында турат. Тендерге 4 компания катышып, Казакстандын «ЗИКСТО» компаниясы жеӊүүчү деп табылган. 435 миллион сомго жаӊы алынчу 150 вагон Жалал-Абад темир жол станциясына берилет. Ошондо бир ваган дээрлик 3 миллион сомдун тегерегинде алынат. Бул ашыкча кымбат десек болот. Сыягы, тендердин теңин бер деген көрүнүш токтобойт көрүнөт.

Аталган фонд 2015-жылы Кыргыз мамлекети Бажы союзуна кирүү алдында түзүлгөн. Максаты — Кыргыз экономикасында артыкчылык берилген тармактарды: агрардык өнөр жай, кийим тигүү, текстиль, кайра иштетүү өнөр жайындагы долбоорлорду каржылоо эле. Фонддун акчасы вагондорду жаӊылоого бөлүнөрү ал кезде айтылган эмес.

«Кыргыз темир жолу» фонддон алынган 435 миллион сомго темир жол инфраструктурасын жакшыртууга шарт түзүлүп жатканын белгилөөдө. Жүк ташуучу вагон сатып алуудан тышкары тийиштүү техникалар жаӊыланат. Бул жүк ташууда чыгымды, убакытты үнөмдөйт деп эсептейт мекеме.

Статистикалык маалыматтарга таянсак, «Кыргыз темир жолу» ишканасы жылына 7 миллион тоннадан ашык жүк ташыйт. Өлкөдө темир жол менен жүк ташуунун көлөмү жогорулап жатканын бул Кыргыз Республикасынын Орусия, Казакстан өӊдүү өнөктөштөрүндө экономиканын өсүшүнө байланыштуу экенин буга чейин Транспорт жана жолдор министрлиги маалымдаган. Ал эми депутаттар өлкөнүн түштүк аймагындагы дыйкандар вагон жоктугунан өндүргөн продукциясын экспорттой албай, айына 80-90 миӊ тонна жүк сыртка чыгарылбай жатканын парламенттен көтөрүшкөнү белгилүү. Расмий маалыматка ылайык, СССР маалында “Кыргыз темир жолунда” 2300 вагон болсо, бүгүнкү күндө 616 гана вагон калган. Калгандары колдонуу мөөнөтү бүтүп, колдонуудан чыгарылган. Бул өӊүттөн караганда 150 вагон дыйкандардын түйшүгүн чын эле жеӊилдетиши мүмкүн.

Расмий маалыматтарга таянсак, фонд түзүлгөндөн бери 690дон ашык долбоорго 221 миллион доллар суммасында кредит берген. Демек, акчанын жарымынан көбү али иштетиле элек. Берилген насыялардын 28 пайызы агрардык өндүрүш тармагына жумшалса, Казакстан, Өзбекстан өӊдүү Борбордук Азиядагы бир топ өлкөлөргө караганда алдыда бараткан текстиль тармагына жалпы берилген насыянын 6 пайызы гана туура келет. Кайра иштетүүгө 10 пайыз, энергетика тармагына 3 пайыз туура келери белгилүү болду.

Өлкөнүн экономикасын реалдуу көтөрүүчү тармактар боюнча насыя берүүлөр аз экенин статистика көрсөтүүдө. Фонд башкармалыгынын мүчөсү Аймен Касенов Кыргыздын ар бир жаранында фонддон 5 пайыздык насыяны алуу мүмкүнчүлүгү бар экенин, насыялар жумуш ордун түзүүчү, киреше алып келүүчү тармактарга берилерин билдирди.

Булак: Фабула

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here