-Данияр мырза, кыргыз көбөйүшү керек деген маселеден улам сурайын деп жатам. Учурда коомчулукта  экинчи аял алуу маселеси кызуу талкууга алынууда. Бул боюнча кандай көз караштасыз? Эгер бир күнү эки аял алуу  маселеси Жогорку Кеңеште көтөрүлүп, мыйзам жазылып калса колдойт белеңиз? Бул маселе ушул темп менен кете берсе Жогорку Кеңешке деле көп өтпөй жетип калат го…

-Туура, кыргыз көбөйсө экен деп тилеп келем. Мен өзүмдүн бир эле иним бар. Кичинемден эле ата-энеме нааразы боло берчүмүн, көп балалуу болушса болмок деп.  Атам да,  энем да  7-8ден  бир туугандуу  болушкан. Эмне үчүн биз эки эле бир тууганбыз деп көп ойлонот элем. Ушундан улам өзүм көп балалуу болууну эңсейм. Эки балалуу болдук, буюрса, үчүнчүсүн күтүп жатабыз. Ал эми өзүмдө  эки, же үч аял алайын деген деле ой жок.  Бир аялыбызды эле жакшылап багып алалы (күлүп). Кеп аялдын санында деле эмес го. Сапатында да. Буга чейин аталарыбыз, чоң аталарыбыз бир аял менен 10-15тен  балалуу болуп, баарын өстүрүп, адам кылып келишкен да. Мына ошол эң жакшы жол. Тилекке каршы, кийинки жаштарыбыз жалкоолук кылыппы, же дагы башка себептерге шылтоо кылыппы, айтор  аз эле балалуу болуп жатышканы мени чындап өкүндүрөт.  Ал эми эки аял маселеси Жогорку Кеңеште көтөрүлүп, мыйзам түрүндө бекитиш керек болсо, ойлонуп көрөбүз го. Бирок негизи азырынча бул маселеге  даяр эмесмин.

 

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here