Боксчу Флойд Мейвезер менен UFC мушкери Конор Макгрегор беттешинин билеттери сатыкка чыкты. Чет элдик басылмалардын маалыматы боюнча, эң арзан билеттин баасы 2 миң, ал эми эң кымбаты 90 миң долларды түзүүдө.

Аталган беттеш ушул жылдын 26-августунда АКШнын Лас-Вегас шаарында болот. Андагы “T-Mobile” аренасына жалпы 20 миң көрүүчү батат.

Мейвезердин гонорары 100 АКШ миллион долларын, ал эми Конордуку 75 миллион АКШ долларын түзөт.

Белгилей кетсек, алдын ала эсептөөлөр боюнча бул беттештен 600 миллион АКШ доллары өлчөмүндө киреше түшөөрү айтылууда.

UFC уюмунун атактуу чемпиондорунун бири саналган ирландиялык Конор Макгрегрор бокс боюнча экс-чемпион Флойд Мейвезерди рингге чакырган. Эки мушкер рингде бокстун эрежелери менен беттешет.

 

Аталган эки спортчунун беттеши уруш спортундагы спортчуларга төлөнгөн гонорар, билет баасын алганда эң кымбат беттеш болоору күтүлүүдө.

Булак: 5 news

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here