Жогорку Кеңеш «Мамлекеттик жөлөк пулдар» жөнүндө мыйзам долбоорун карашты. Мыйзам долбоору бир топ талаш-тартыш жаратты. Эл өкүлдөрү ары тартышып, бери тартышып жатканда КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина: «Энелерге сыйлык бар, эмнеге аталарга бербейбиз. Эмгек сиңирген ата сыйлыгын киргизишибиз керек. Биз муну менен аталардын статусун көтөрөбүз», -деген демилге көтөрдү. Албетте, бул сунуш мыйзам катары иштелип чыга турган болсо, эл өкүлдөрү менен коомчулук колдооору белгисиз. Канткен менен эл өкүлүнүн айтканында данек барбы же жөн гана популизмби аны мезгил таразалайт.

Булак: Азаттык

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here