Жогорку Кеңештин мурдагы спикери Акматбек Келдибеков коррупция беренесине ылайык камалып соттолгонун коомчулук жакшы билет. Бирок жеңил жаза колдонулуп, 10 миллион сом айып пул менен кутулган. Этеги жаман жеринен айрылып соттолду деген жарлык жармашканына карабай учурда президенттик шайлоого аттанмакчы болуп чамынып жатат. Жогорку Сот болсо мыйзамга ылайык соттолгону тууралуу «кара так» 8-ноябрда гана алынаарын жар салды. Демек, Келдибековдун шайлоого катышуусуна мыйзам жол бербейт. Мыйзамдарга ылайык, соттолгон жаран толук акталмайынча, шайлоого катыша албайт. Ошого карабастан ал : «Менин президенттикке ат салышуума тоскоолдук жок. Соттолгон деген статусту алдырып коюунун мыйзамдуу жолдору бар. Аны азыр ачыктап жибергеним болбойт. Ар бир саясатчынын өзүнүн тактикасы болот. Негизи мындан чоӊ трагедия жаратуунун кажети жок. Биз шайлоодо жеӊишке жетишебиз деп ишенем», — деп күпүлдөдү. Ичип-жеди деп соттолгонун трагедия катары көрбөй, анны оңоң эле жойдуруп койсо болот дегенден адамдан кандай жакшылык күтсө болот? Ушунун өзү эле анын мыйзамды уруп ойнобой турганын, бийлик менен тымызын тил табышып алганынан кабар берет.

Булак Фабула

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here