Ырчы катары элге жакшы эле таанылып, анан калса, келбети менен далай жигиттерди кызыктырып келген Бактыгүл Бадиева акыркы жылдары «жылдыз» болбой калган. Кыязы, үй-бүлөлүк жашоону тандап кеткен сындуу. Андай болсо эрдептир. Болбосо,  ырчы кыздарыбыздын арасында күйөөгө тийбей, тийсе дагы, тез эле ажырашып кеткендер аз эмес. Ал эми Бадыева алардан айырмаланып, башкаларга үлгү болсо жаманбы? Сахна чыкпай калган соӊ, өзүн анчалык карабай, сылап-сыйпабай калганы турган иш да, бир аз да толгонго жол ачылып…Кыскасы, Бадыева акыркы сүрөттөрүн соцбаракчаларга башкалар сыяктуу эле жарыялап жатат. Бирок ошол сүрөттөр кызыгы жигиттерге эле эмес, кыздарга да анча жага бербей жатыптыр. Андыктар алар Бадыеванын бети, фигурасы бир аз «бултушка» боло түшкөнүн  сындап койсо, Бадыева аларга «Менин бетимди,фигурамды эмне кыласыңар ?😄Озунор арык 👯 сулуу 😌болсонор болду кыздар 😂😂 #бактылуумун#кыскасы#» — деген жооп узаткан. Бир чети туура. Ким арык, ким семиз, ким мырк, ким сулуу, кимдин кандай иши бар. Азыр Кыргызстанда укмуш демократия, ар ким өзүнө жакканын кыла берет, семире беришсин каалагандар ыркыя беришсин, эӊ башкысы ден –соолук берсин… Азыр Кыргызстанда укмуш демократия, ар ким өзүнө жакканын кыла берет, семире беришсин …

https://www.instagram.com/p/BVbgWmIFpVa/?taken-by=baktygul_badyeva

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here