Жакшы кабар!!!
-Дайынсыз жоголгон мекендешибиз Атамкулов Замирбек байланышка чыгып, аман-эсен экендигин билдирип, заарыгып жол карап олтурган Апасы менен телефон аркылуу сүйлөшүп, жакынкы күндөрү мекенине кайтып келээрин билдирди! Замир биз менен дагы байланышып азыркы күндө Россияда иштеп жүргөндүгүн, жайдын аягына чейин үйүнө барам деп билдирди. Барып апасынын ооруган бутун даарылатам дейт. Апалар эч качан ыйлабасын, балдарынын жакшылыгын гана көрүшсүн деп жараткандан тилейли!

Бул маалыматты ИИМдин Орусиядагы өкүлү өзүнүн соц баракчасына  жазып чыкты.
Маалымат катары айта кетсек: Замирбек Атамкулов 2013-жылы сентябрь айында Орусияга иштегени кеткен бойдон  дайынсыз болуп жаткан.

Уулун күткөн эненин кайрылуусу социалдык тармактарга тарап, көпчүүлктүн назарын бурууда.

https://www.youtube.com/watch?v=rAS_4SrsFLQ&feature=youtu.be

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here