Келдибек Назиров 17-май күнү, 52 жашында дүйнөдөн мезгилсиз кайтты. Кесиптештеринин айтуусунда, акыркы убакта ал кан басымы жогорулугунан жабыркап жүргөн.

Келдибек Назиров эмгек жолун мектепте кыргыз тили, адабияты сабагы боюнча дарс окуудан баштап, кийинчерээк «Асаба», «Агым» басылмаларында журналист болуп иштеген.

Кийинк «Жаңы Агым» гезитинде эмгектенип, ал жабылып калгандан кийин маалыматтык сайттар менен кызматташып, эркин журналист катары иштеп жүргөн.

Келдибек Назировдун сөөгү 18-июнда өзү жашаган Сокулук районундагы Гавриловка айылында жерге берилет.

Булак: Азаттык

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here