Адам менен жырткычтын мелдешин 23-июлда өткөрүү пландалууда
Олимпиада оюндарынын 23 жолку жеңүүчүсү, сууда сүзүүчү америкалык Майкл Фелпс акула жарышмакчы. Бул тууралуу РИА Новости Vice Sports басылмасына шилтеме берүү менен жазып чыкты.

Маалыматка караганда, мелдешти 23-июлда өткөрүү пландалууда. Азырынча уюштуруучу Discovery телеканалы жарыш кайсы жерде өтөрүнт так айта элек. Басылма билдиргендей, акула саатына 40 чакырымга чейин жүрө алат. Ал эми ушул эле убакытта америкалык спортчу 10 чакырымга чейин сүзүүгө жөндөмдү. Анткен менен адам менен жырткычтын мелдеши кандай форматта өтөрүү азырынча маалым боло элек. Майкл Фелпс Рио-де-Жанейродо өткөн олимпиада оюндарынан кийин спорттогу карьерасын жыйынтыктап, олимпиада тарыхындагы эң титулдуу суучул аталып калган.
sputnik.kg

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here