Мамлекеттик мүлк фондунун жетекчиси  Болсунбек Казаков өзүнчө эле реформа кылып жаткан түр көрсөтүп, чалмакейди чалып жатканы байкалып турат. Ал парламенттен:  “Кыргызтуракжайкомсоюздун” 25 ишканасын кыскарткандан кийин 140 мамлекеттик ишкана калды. Анын ичинен 59 ишкана мекеме болуп өзгөрөт. Алар толугу менен мамлекеттен каржыланат. 14ү филиал болот. 19у акционердик коом, төртөөнү менчиктештирүүгө, 18 мамлекеттик ишкананы жоюуга сунуш бердик. Бул өкмөттө каралып жатат” – деп агынан жарылды. Деги эле Мамлекеттик мүлк фондусунун башына ким келсе да, мамлекеттик анча-мынча ишканаларды колдоп, коргоонүн ордуна, баарын жоюп, кайра бирдеме кылып түзүмүш этип, ошентип орто жолдо калтырууга, же дагы бир таасирдүү чиновникке арыдан-бери кармата салууга маш болуп калышты. Кыскасы, мүлк фондусу мамлекеттин мүлкүн көбөйтүүнүн ордуна, көмүскө талкалап, мүлжүгөндү адатка айлантып баратышат. Мунун башын Акаев доорунда Равшан Жээнбеков деген баштады эле, калгандары анын жолун ар кандай деңгээлде улантып жатышат.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here