Темир Сариевдин Премьер-министрлик кызматтан кетүү себеби, Балыкчы-Корумду унаа жолун салууда жарыяланган тендерге аралашкан жана тендерден утуп чыккан компаниядан пара алган деп айып коюлуп, бул каралоонун арты менен Темир Сариев өз каалоосу менен отставкага кеткен.

Андан бери бир топ убакыт өтүп, жол чуусуна байланышкан окуялар иликтенип жаткан боюнча унутулуп дагы калды. Алгач, Темир Сариевди 6 миллион пара алган деген айыптоо боюнча иликтөө иштери башталган. Кийин, бул иш коомчулукка чыкпай, азыр кадимкидей унутулду.

Коюлган  айыптоолордо мындай маалымат айтылган «Темир Сариев тендер өткөрүүдө кийлигишип 6 миллионду өз кызыкчылыгына пайдаланган, жол салган компания өкүлүнөн пара алган»,-дешкен.

Биринчиден, жол боюнча тендерлерге Пермьер-министр кийлигишпейт, аны Транспорт министирлиги жана атайын түзүлгөн комиссия өткөрөт. Тендер боюнча жоопкерчиликти алар моюундашат. Бул жерде Темир Сариевдин тиешеси дагы болгон эмес. Ушул негиздерге таянып Темир Сариевди «6 миллион доллар пара алган»,-деген ушактарга чаптаса дагы жабышпай турганын ишенимдүү айтса болот.

Темир Сариев саясий кызматтагы ишмердүүлүгү тездик жана жыйынтыктуу  иш алып баруусу менен  айрымаланат.  Ошол себептүү илгертен эле Темир Сариевди кызматтан кетирүүдө же саясий атаандаштык курчуган маалда олуттуу айыптоо таба албай, анын бейнесине курулай дооматтарды жабыштыруу менен элге тескери маалымат беришет. Убакыт тараза дегендей учурунда Сариевдин ак экенин далилдеген чындык өзү чыгууда.

Балыкчы-Корумду жолун шылтоо кылуу менен Темир Сариевди кызматтан кетирүүнү максат кылышкан. Мындай адилетсиздикке каршы турууга Темир Сариевдин мүмкүнчүлүгү болгон эмес, парламентте анын фракциясы дагы жок эле. Өкмөт менен Парламенттин ортосунда тиреш, кайым айтышуу күчөп баштаган. Айрым эл өкүлдөрү «Темир Сариевдин дарегине айтылып жаткан айыптоолор адилеттүү иликтениши үчүн, ал кызматтан кетиши керек», -деген пикирлерин билдиришкен. Ошол маалда өзүнүн актыгына ишенген Темир Сариев Премьер-министирликтен өз калоосу менен кетип, териштирүү бейтарап болуусуна толук шарт түзүп берүү жана өкмөт менен парламенттин ортосундагы башталган тирешүүнү токтоткон. Бул кызматка жармашпаган жана тынчтыкты каалаган эр азаматтын кадамы.

Эмнеге жол салып, ири реформаларды кылып жаткан Сариевди кызматтан кетиришти деген суроо болушу мүмкүн. Анын себеби бирөө эле.

Өкмөттүн башында турганда анын иш стили, ыкчамдыгы жана жыйынтыктуу реформалары элдин көзүнө көрүнүп, мамлекетчил инсан катары ал жарык болуп айрымалана баштады. Курулай популизм, жасалма жагынуу аракеттерин кылган эмес. Тездик менен элдин колдоосуна алынып бараткан лидерден кайсы бир саясий күчтөр чочуласа керек. Алсыздар күчтүүлөрдөн коркушат эмеспи, ошондуктан Сариевди кетирүүнү тездетишти. Кетирүү планын адилетсиз жол менен ишке ашырышты.

Өкмөттүүн башчылыгынан кетип жатып, трибунада «Балыкчы-Корумду жолун баштаганым үчүн мени күнөөлөсө, мен ал күнөөнү көтөргөнгө даярмын. Бул жолдун салынышы үчүн кошумча каражаттарды таап жатканбыз. Келечекте дагы тапмакпыз. Баарыңардын көзүңөргө  тик карап айта алам,  бирөөңөрдөн тыйын сураганым жок, муну жасап кой дебедим, баарыңарды таза иштөөгө чакырып, таза иштейли деп талап кылып турдум», -деп кызматын таштап кетип калды.

Темир Сариев кетти, иликтөө жүрдү, коюлган куру доомат далилденген жок. Иликтеген тийиштүү органдар Сариев 6 миллион доллар эмес, 6 тыйын албаганына ынанышты.

Пара сунуштап, тендердин эрежесин бузуп жол куруу мүмкүнчүлүгүн алган компания деп жатышкан эле, азыр ошол эле компания жол куруусун улантууда. Аракетчил, элине кызмат кылып, жол салууга булактарды таап, жол куруп жаткан Премьер-министр жакшы иштегени, элдин көзүнө илээшкени үчүн күнөөлүү болуп кызматынан кеткен. Бул турмуш чындыгы, убакыт адилеттиги. Эгерде, Темир Сариев жол куруудан 6 миллион доллар эмес, 6 тыйын уурдаганда, азыр ал абакка салынмак. Куугунтукка алынмак. Таза адамга канча көө шыбасаң дагы жукпайт.

Эл уулунун кылымдык кызматын кыргыз далай жолу колдонот. Темир Сариев баштаган Балыкчы-Корумду жолунун курулушуна Ысык-Көл облусунун жашоочулары кубануу менен ыраазычылыгын айтып жүрүшөт. Жаңы жолдун курулушу менен өнүгүү болушу күтүлүүдө. Бул жол менен далай жолу адамдар өтүп, ыраатын көрөт.

Булак: Ачык саясат+

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here