Кыргызстандагы жогорку окуу жайларынын флагманы болгон Кыргыз улуттук университети ректорго жарыбас болду. Арты таза эмес, «куйругунда калбыры бар» аштан-көчтөн калгандар ректор боло берип, университеттин кутун учуруп бүтүштү.

Мына жакында эле билим берүү тармагын дээрлик төрт жылга жакын башкарып, жаманатты болуп, сын уккандан башканы жасабаган Канат Садыков ректор болуп шайланды. Билим берүү жана илим министри болуп турганда мандемдүү иштерге көп малынган жетекчи катары ишмердиги күмөн жараткан Садыковдун ректор болушуна интеллигенциянын ичи чыккан жок. Ырасында, билим берүү тармагынын эки тизгин бир чылбырын колуна уучтап турганда жаманаттыдан башы арылбай, керек болсо кылмышка шектүү фигура катары ишмердүүлүгү шек санаткан Канат мырзанын көрөңгөлүү окуу жайдын башына келип калышы, укуктук жа моралдык жактан алганда да чоң жаңылыштык болду десек аша чапкандык болбойт.

Дегенибиз, кезинде Канат Садыков министр болуп турганда өлкөнүн башкы көзөмөл органы болгон Башкы прокуратура анын ээлеген кызматка татыксыздыгын карап көрүү маселесин көтөргөн. Ага 2013-жылдын 27-ноябрында Кыргыз- Орус Славян университетинин медициналык факультетине 24 абитурентти мыйзамсыз кабыл алдыруу боюнча мандемдүү иш себеп болгон. Бул ишке байланыштуу 2014-жылдын 12-майында УКМКнын тергөө башкармалыгы Билим берүү министирлигинин жооптуу кызмат адамдарына жана КРСУнун жетекчилигине 24 абитуренттин мыйзамсыз кабыл алынышы боюнча кылмыш иши козгогон. Эң кызыгы Өкмөттүн: жожго тапшырууга ЖРТдан 110 дон кем эмес бал алган абитуренттер гана укуктуу деген токтомуна каршы келген буйрук аны менен эле токтогон эмес. Ошол эле студенттер контракттык негизден бюджеттик бөлүмдөргө которулушкан. Ал абитуренттердин 45-55 бал алгандары да болгон. Мына ушунун өзү эле Садыковдун өкмөттүн, бүтүндөй мамлекеттин саясатына ачык эле каршы иштегенин байкоого болот.

Эң эле кызыгы, жаңы ректордун керек болсо өз чечимине өзү каршы чыккан «ашмалтайлыгы» да бар. Башкача айтканда, министир кезинде ушул азыр өзү ректор болуп отурган КУУнун ректорлугуна өзүнүн өкүл атасы Искендер Исамидиновду ректор кылып дайындаганда байкалган. Ошол учурдагы ректор А.Акунов “Бир окуу жайда бир гана административдик түзүм болсун” деген министирликтин буйругун аткарып коллеждерди бириктирип, институттарды факультетке айландыруу аракетин баштаганда дал ушул К.Садыков Акуновду мыйзамсыз кызматтан алып, ордуна жердеши, өкүл атасы И.Исамидиновду ректорлукка бекиткен. Эң эле күлкүлүүсү, Акуновдун, «мен министирликтин буйругун аткардым», — деген жүйөөсүнө Садыков: «Министирлик буйрук чыгарды деп эле аткара бересиңерби», — деп чырды териштирүүгө келгенде окуу жайдын жамаатынын оозун ачырганы күнү бүгүнкүгө дейре жомок болуп айтылып жүрөт. Эми болсо өзү каршы чыккан рефома ийгиликтүү ишке ашып, окуу жайдын алдындагы институттар жоюлуп, факультетке айланып талаштуу маселе бир нукка түшкөндөн соң ректор болуп бетин кызартпай отуруп алганына таң калбай коё албайсың. Буга окшогон Садыковдун көңүл ирээнжиткен жоруктарын айта берсең кагаз бети түтпөйт. Ректордун ашкере тууганчыл «оорусу» күч экени коомчулукка жакшы белгилүү. Маселен, баскан изи күмөндүү ректор мырза министр болуп турганда ЕврАзиялык университет деп аталган окуу жайы өздөрүнүн лицензиясын мыйзамсыз узартып студенттерди кабыл алып жатканын өкмөттүк комиссия далилдеп, бул маселе министирликтин коллегиясында каралган. Эң кызыгы аталган окуу жайдын учредителдеринин бири министирликтин лицензиялоо жана акредитациялоо инспекциясынын башчысы Канат Садыковдун көздөй кан кудасы Э.Молдоев болуп чыкан.

Айтор, кайсы тарабынан алба Садыковдун Кыргыз улуттук университетине ректор болушу окуу жайдын кадырына көлөкө гана түшүрбөстөн, ансыз да кийинки кездери илимий-техникалык базасы төмөндөп кеткен абалын ого бетер кургуйга кулатышы ыктымал. Анткени ар качандан бир качан ишинен майнап чыгара албай, чырлуу, күмөндүү иштерден төбөсү көрүнгөн адам көнгөн адатын карматпай койбойт.

Байыс Болотов

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here