“Бир бол” фракциясынын депутаты Акылбек Жапаровго коррупция беренси боюнча кылмыш иши козголгону – өзгөчө прессада дүңгүрөп, а эл ичинде ар кандай талкуулар жаралды. Колдогондорго караганда табасы кангандар арбын болууда.  Жүрөктү “шуу” эткизген мындай суук кабардан соң Акылбек мырза үйүнө Замир карыны (Кочкордон чыккан касиеттүү, окууну Египеттен бүтүп келген билимдүү молдону) чакырып, дем салдырып, жеңилдеп алганын эшиттик. Ошондон тарта шайдоот мүнөз күткөн-сыйкыралануу жолунун ийгиликүү болгонун тастыктайбыз?

Баса, 2010-жылдын 6-апрелинен Жапаров эски режимдин ишенимдүү жоокери, 1-вице-премьер министр катары Таласка барып, тополоң чыкканда колго илинбей таза чыгып кеткени, жазаланбай калганы, ал эми министр Молдомуса Конгантиев колго түшкөнү эсибизде.

Сыягы, каарманыбыз дуба аркылуу жолун ачып, кыйынчылыктардан дайыма буйтап кетүүнүн жолун өздөштүргөнбү? Эми да төбөсүнө айланган кара булутту үйлөтүп, би-ир жолун тапса керек да…

 

Булак: Азия ньюс

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here