Чагылган: 17 жаштагы кыз тагдыры татаал болду. Аны энеси  төрөгөндө эле андан баш тартып төрөт үйүнө таштап кеткендиктен улам, балдар үйүндө өскөн. Балдар аны шылдыңга алышчу дайым. Себеби, анын жүзүндө туубаса табият тартуулган жагымсыз кемчилик бар эле. Кийин энеси да табылган. Ал кызы тирүү экенине ишенген эмес.  Энеси ага пластикалык операция жасатууну . Ал мындан бир нече ай мурун «Пусть говорят» көрсөтөсүнө катышкан. Ал көрсөтүүдө Москвадага жеке медклиниканын кожоюндары бекер пластикалык операция жасап берүүнү убада кылышкан. 13-июнь күнү ал клиникада Катяга операция жасап жатышканда, ал каза болуп калды. Милиция бул боюнча  талапка ылайык коопсуздук чарасы көрүлбөгөн деп кылмыш иши козгоду. Бул Россияда биринчи эле жолу болуп жаткан окуя эмес, буга чейин да Волгоградда  23 жаштагы кыз да пластикалык операция учурунда каза тапкан. Андан мурун дагы бир аял мурдуна операция жасатм деп каза болгон.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here