Чагылган: ЖК депутаттары 2010-жылдагы морадерчулук иштерине байланыштуу депутаттык комиссиянын токтомун аткаруу мөөнөтү 1-августка чейин узартышты. Кечээ күнү парламенттин Укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетинде токтомдун аткарылышы боюнча  жыйынга күч органдарынын  тиешелүү адамдары келип, маалымат беришмек, бирок алар келбей койду. Ушул себептен улам, маалыматтар толук эмес болгондугуна байланыштуу 1-августка чейин узартуу чечими кабыл алышты. Белгилүү болгондой  мародерчулук, банк уячаларынан акча алуу, улутташтырылган объекттер, «Альфа телеком», «Дастан» заводу жана интернет боюнча депутаттык комиссия 2016-жылдын 20-октябрында түзүлгөн. Бирок ошондойн бери бул боюнча кыйраткан деле майнап чыккан жок. Кыскасы, депутаттар  мындай чуулгандуу иштерди бир жаңсыл кылып бүтүрө алышпай эле, калп эле чуулдап жатышкандай. Же булардын ооздорун майлап коюп жатышабы?

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here