Чагылган: Эки күн мурун  Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы Кадамжай районундагы “Бел алма” көмүр кени боюнча кылмыш иши козголгонун жар салган. Бирок кылмыш кимдерге, кайсы окуяга козголгону боюнча толук маалымат берген эмес. Ал ортодо айрым маалымат каражаттары “Бел алманы” ЖК депутаты Улан Примовго байланыштырып, ал кендеги мурун болгон чыр, талаш-тартышка депутаттын катыштыгы бар деп жазып чыгышты. Бул маалыматты тактоо үчүн “Чагылган” сайтынын  журналисттери Улан мырзанын өзүнө жолугуп, маселенин чоо-жайын толук уктук.

Улан мырза, “Бел алма” көмүр кениндеги талаш-тартышта сиздин атыңыз аталып келет. Деги эле, “Бел алмага” канчалык деңгээлде тиешеңиз бар? Ушул маселени өз оозуңуздан уксак…

-Буга чейин бир топ маалымат каражаттары бизди “Бел алмадагы” чырлуу иштерге жармаштырып жазып келишти. Бирок канча жазышкан менен андан эч кандай майнап чыгара алышкан жок. Эки күн мурун ал кендеги чыр ишке байланыштуу козголгон кылмыш ишке да бизге тиешелүү кылгандай жазышты. Бирок дагы да болсо маселенин чоо-жайын тактабай эле, мурункудай эле бир тараптуу жазып коюшуптур. Мен улуу Орозонун күнүндө дагы бир ирет баса белгилеп айтайын, биздин “Бел алмага” эч кандай тиешебиз да, кызыкчылыгыбыз да жок.

Элибизде “шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт” деген жакшы кеп бар. Ансыңырындай ушунча көп сөздүн баары жөн жерден эле чыгып жатат дегенге көпчүлүк оңой менен ишене койбойт го. Мындай сөздөр эмнеден улам чыгып жатат?

-2015-жылы менин атамдын ушул кен тармагы боюнча иш алып барган фирмасы “Бел алма” көмүр кенине жарыяланган конкурска катышкан.  Бирок уткан эмес. Ошондо “Бел алма” боюнча тендерди башка бир фирма утуп чыккан. Учурда ошол фирма иштетип жатат. Бирок кандай иштетип жатат, ал тууралуу менде маалымат жок. Деги эле, “Бел алма” көмүр кенине мен бир да ирет кызыккан эмесмин. Эгер кызыгып, изилдеген болсом, анда аны да жазып чыгышмак.  Деги эле менде “Бел алма” тууралуу кенен маалымат жок. Маалымат алууга кызыккан да эмесмин.  Чынын айтайын, бизди “Бел алмага” жабыштырып,  бир тараптуу каралап мындай маалыматтарды элге  кандай максаттар менен таратып жатканы мен үчүн түшүнүксүз жана табышмак.

-Атаңыздын фирмасы тууралуу кененирээк маалымат  айта аласызбы?

-Эч кандай жашыруун фирма эмес. Менин атам узак жылдардан бери өндүрүү тармагында жигердүү иштеп келатат, бай тажрыйбасы бар. Ал эми атам иштеткен  фирма «Пэрити-Коал» деп аталат. Ал фирма Кыргызстандагы алдыңкы, таанымал фирмалардын бири. Жалпысынан фирмада 500дөн ашуун адам эмгектенет. Мен азыр жаңылып калбасам, бул фирма жылына салыкка 60-70 млн. сомдун тегерегинде төлөп келет. Андан тышкары, Алай, Чоң-Алай ж.б. райондорго кышкысын  арзан көмүр  жардам берип келет. Атам иштеткен көмүр кени да ошол Алай районунда жайгашкан.

-Демек, сиздин бул фирмага эч кандай тиешеңиз жок деп түшүнсөк болобу?

-Мен Ош шаардык кеңешинин депутаттыгына чейин ал фирмада жетекчи болуп иштегем. Кийин депутаттыкка аттанганда, баарын өткөрүп бергем. Мамлекеттик кызматка келген соң, жеке бизнес менен алектенгенге мыйзам жол бербейт. Мен да мыйзамды сыйлаган адамдардын биримин.

-Дагы бир нерсени тактайлы. Айрым маалымат каражаттары депутат Примов
Өзгөндөгү жер көчкү каргашасынан кийин “Бел алманын” көмүрүн Өзгөн элине бекер таратты деп жазып чыгышты эле. Бул чынбы?

-Бул да туура эмес маалымат. Тактабай эле, кайра эле бир тараптуу кылып жазып коюшкан.  Атамдын  фирмасы  “Бел алмага” эч кандай тиешеси жок болсо, кандайча көмүр таратат. Деги эле, биз Өзгөнгө көмүр тараткан эмеспиз. Көмүрдү Чоң –Алай районуна жер титирөөдөн кийин таратканбыз. Таратуунун демилгеси мен болгом. Атам менен кеңешип, 70 тоннага жакын көмүр таратып бергенбиз. Бул райондо да быйыл  кыш абдан узак, шарты катаал болду. Чатырларда жашап жатышты. Биз барып  жергиликтүү элге жолукканда элдин суранычы ошол көмүр маселеси болгон. Биз ал суранычты аткардык. Балким, ошону алмаштырып жазып алышкандыр.

Акырында айтарым, “Бел алмага”  иш козголду деп айтылган соң, биздин журналисттерибиз да ал маалыматтын күнгөй-тескейин жакшылап иликтеп жазышса дейт элем. Адамды ар кандай айтып каралап коюш оңой эле. Бирок чындык бирөө эле. “Бел алмадагы” ызы-чууга биздин эч кандай тиешебиз жок экенин буга чейин журналисттерге бир канча айтып эле келгем. Болбой эле кайра жазып жатышат. Дагы бир ирет айтайын, “Бел алмага” биздин эч кандай тиешебиз жок. Мен муну 100 пайыз ишеним менен айта алам.

Булак: Чагылган

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here