Башкаруучу партиядан депутат болуп келген Данияр Аттокуровдун жасаган кадамдары дурус пикир жаратууда. Ошентсе да айрым курулуш иштерине тоскоолдук кылгандардын жоруктары тынчсыздандырбай койбойт. Маселен, Руслан Шарапов деген акимдин курулуш иштери боюнча орун  басарынын кылган жосунсуз жоруктары  чыдагыс чекке  жеткирди. Канча ирет какшап айтсак деле ал ордунан козголуп койбойт. Чамасы жогору жакта үлкөн колдоочусу бар окшойт.

Мына ушул отко салса күйбөгөн кызматкерди Данияр Аттокуров тизгиндеп койсо көп кишилердин сообуна калмак.  Эгерде айтканыбыз таман алдына басылып калбай туура жыйынтык чыкса Даниярдын зоболосу ого бетер көкөлөмөк.  Биз айлабыз такыр түгөнгөндөн улам депутатка кулак-кагыш кылып турган кезибиз.  Шараповдун карааны кыйшаяр бекен?

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here