Кыргыз Республикасынын Бириккен Араб Эмираттарындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Чынгыз Эшимбеков мырза менен элчиликтин алып барып жаткан иштери тууралуу маектештик.

— Чынгыз мырза, элчиликтин ишмердүүлүгү тууралуу маалыматтар менен бөлүшсөңүз?

— 2014-жылдын 4-декабрында өлкө башчыбыз Алмазбек Атамбаев араб ааламына болуп өткөн тарыхый сапарынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Бириккен Араб Эмираттарындагы элчилигин уюштуруу жарлыгына кол койгон. Мен 2015-жылдын декабрында кыргыз-эмират алакаларынын тарыхында алгачкы жолу элчи катары дайындалып, 2016-жылдын февраль айында расмий түрдө ишке кириштим. Элчиликтин ачылышынан тартып бир жыл убакыттын ичинде, элчилик тарабынан жогорку деңгээлдеги иш-чаралар өткөрүлдү. Айта кетсек, 2016-жылы Кыргыз Республикасына Бириккен Араб Эмираттарынын Энергетика министринин сапары болду, анын сапарынан алкагында чоң бизнес-форум болуп өттү, ошондой эле Кыргызстанда өткөн Экинчи Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын ачылышы Бириккен Араб Эмираттарынын Маданият министринин төрагалыгынын алдында расмий делегация келип кетти. 2017- жылдын январь айында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Э.Абдылдаевдин Бириккен Араб Эмираттарына расмий сапары болуп өтсө, ушул эле жылдын 24-майында Кыргыз Республикасына жооп катары расмий сапары менен Бириккен Араб Эмираттарынын Тышкы иштер жана эл аралык кызматташтык министри, улуу мартабалуу Шейх Абдалла бин Заед Аль-Нахайян келип кетти. Аталган сапарлар эки тараптуу мамилелерди түптөп, аларды өнүктүрүүгө укуктук негиз болгон эл аралык келишимдердин кол коюлушу менен коштолуп жатат.

— Сиздин оюңузча кыргыз-араб мамилесинин өнүгүшү үчүн кайсы багыттар келечектүү?

— Жогоруда мен атап кеткен Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин Бириккен Араб Эмиратына, эки өлкөнүн ортосундагы биринчи жолу жасаган расмий сапары, эки тараптуу мамилелердин өнүгүшүнө түрткү болду. Сапардын алкагында эки тараптуу эл аралык келишимдерге, өзгөчө экономика жаатындагы мамилердин түзүлүшүнө жана өнүгүшүүнө негиз болгон 5 эл аралык келишимге кол коюлган, алардын ичинде аба каттамдары, инвестицияларды колдоо, кош салыктан бошотуу тууралуу келишимдер да бар. Ушул келишимдерди ишке сапаттуу ашыруу алкагында эки өлкөнүн ортосунда соода-экономика мамилеренин өркүндөтүү боюнча иштер аткарылып жатат. Мына, сиз билгендей, 2016-жылы Бишкекте КР-ОАЭ бизнес-форуму өткөрүлгөн, ошол бизнес-форумдун жыйынтыгы боюнча Соода жана өнөр-жай палаталардын ортосунда биргелешкен ишкердик кеңеш түзүү жөнүндө документке кол коюлган. 2017-жылдын 24-майында Бишкек шаарында экинчи бизнес-форум өткөрүлүп, аны менен кошо ишкерлердин кызматташуусу үчүн аянтча болгон  биргелешкен ишкердик кеӊешменин биринчи жыйыны болуп өттү. Бизнес-форумдун эки жылда эки ирет бою Бишкек шаарында өткөрүлүшү эмираттык ишкерлердин Кыргызстанга болуп жаткан кызыкчылыгынын жогорулашын көрсөтүп турат деген ишеничтемин.

— Соода-экономика жаатында кандай иш-чаралардын үстүндө иштеп жатасыздар?

— Соода-экономика жаатында эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө чоң негиз бар. Эң негизгиси, эмираттык ишкерлердин Кыргызстандагы азыркы учурда түзүлгөн инвестициялык климатка кызыгуусу бар. Жогоруда айтылган, 2014-жылдын декабрь айындагы Кыргыз Республикасынын Президенти А.Атамбаевдин расмий сапарынын жыйынтыгы боюнча кол коюлган эки тараптуу экономика-инвестиция жаатында келишимдерди сапаттуу ишке ашыруу керек. Өзгөчө айта кетүүчү нерсе, соода-экономика мамилелеринде элчиликтин жалгыз ролу абдан аз, бул процеске Кыргыз Республикасынын бардык мамлекеттик органдары жана бизнес-коомчулук катышуусу керек. Элчилик чет элдик бизнесмен жана инвесторлор менен биринчи жолугуп, аларды Кыргызстанга алып келүү маселелери боюнча алдыда турат, бирок Кыргызстанга келген чет элдик бизнесмендерди же болбосо инвесторлорду кармап калуу комплекстүү болуш керек.

— Кыргызстандын маданиятын барган өлкөгө жайылтуу тармагында кандай иштер аткарылып жатат?

— Албетте, маданият тармагы өтө зор мааниге ээ. Себеби эки элдин ортосунда көп окшоштуктар бар. 2016-жылдын сентябрь айында өткөн Экинчи Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарына Эмират мамлекетинен Элчилик жүргүзгөн иштин натыйжасында үч чоң делегация катышып кетти. Тактап айтсак, биринчиси маданият министри жетектеген расмий делегация жана Абу-Даби Мүнүшкөрлөр клубунун спортсмендери менен эң ири спорттук каналдарынын журналисттик тобу болду. Оюндан соң, эмираттык журналисттер оюндар жөнүндө мыкты деңгээлде бир сааттык толук телерепортаж тартып, Жакынкы Чыгыш аймагына гана эмес, бүткүл дүйнөгө бир канча жолу көрсөтүп чыкты. Азыркы маалда маданият боюнча кызматташуу тармагында тийиштүү келишимдин долбоору каралып чыгып, эки тараптан макулдашуудан өттү жана жакынкы арада ага кол коюлушу күтүлүүдө.  Бул келишимдин кол коюлушу эки мамлекеттин ортосунда маданият күндөрүн өткөзүүгө шарт түзөт. Кыргыз Республикасы тарабынан Бириккен Араб Эмираттарына ушу жылдын сентябрь айында Кыргыз Республикасынын Бириккен Араб Эмиратындагы маданият күндөрүн өткөрүү сунушу киргизилген.

— Кыргызстанга БАЭден туристтерди чакыруу мүмкүнбү? Алар биздин жерге кызыгабы?

— Албетте чоӊ түгөнгүс кызыгуу бар. Биздин өлкөбүздүн, жаратылышыбыздын кооздугу, көл жана дарыяларыбыз, тоолорубуз кызыктырбай койбойт. Негизи, акыркы жылдары Эмираттын жергиликтүү калкы көбүнесе Европа мамлекеттеринде, КМШ өлкөлөрүнөн Грузия жана Азербайджанга барып эс алышат экен. Биздин мамлектибизге виза кереги жоктугун аябай жакшы баалашат. Буюрса, Перс булуӊунда жайгашкан бай араб өлкөлөрү Кыргызстанды, Орто Азияны жаңыдан таанып келе жатканын айтсак болот. 2016-жылы өткөн Экинчи Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарына Бириккен Араб Эмираттарынын расмий делегациясынын катышуусу, ошондой эле жогоруда айтылгандай, ал оюндардын бир нече ирет жергиликтүү каналдарда чагылдырылышы, эмираттыктардын Кыргызстанга болгон кызыкчылыгын көтөрдү. Расмий маалыматка таянсак , 2015-жылы Кыргызстанга БАЭнин 356 жараны келсе, ал эми былтыр 721 жаран келген экен. Өзүңүздөр көрүп тургандай, келгендердин саны бир жыл аралыгында эки эсеге өскөн. Эмираттыктар бай өлкөнүн жараны болгондуктан, алардын Кыргызстанга келүүсүнө тийиштүү шарттар түзүлүшү керек, мисалы ошо шарттардын бири дүйнөлүк стандарттарга дал келген мейманканалардын болушу.

 

— БАЭде жүргөн кыргызстандыктардын укугун жана кызыкчылыктарын коргогон учурлар кездешеби? Ал жакта жүргөн мекендештерибиздин саны канча? Илим, билим менен алектенген кыргызстандыктар менен байланыш барбы?

— Албетте, жарандарыбыздын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо ар элчиликтин түздөн-түз милдети. БАЭ араб дүйнөсүнүн эӊ бай мамлекеттеринин бири, туризм жана экономика жаатында өнүккөн өлкө болгондуктан чет элдик жарандардын, анын ичинде кыргызстандыктардын саны арбын. Бириккен Араб Эмираттарынын аймагында туруктуу негизде жүргөн жарандарынын көбү эмгек иши менен жүргөндөр жана үй-бүлө куруп жашап жаткандар. Жарандар менен элчилик тыгыз байланышта, мурда айтылгандай былтыр эгемендүүлүк күнүн Кыргызстандын жарандары менен бирге белгилегенбиз. Быйыл күзүндө өтө турган Президенттик шайлоодо Кыргыз Республикасынын Бириккен Араб Эмираттарынын аймагында жашап жаткан жарандарынын шайлоо укугун ишке ашыруу максатында да иштерди аткарып жатабыз.

 

Төлөбүбү КАСЫМАЛИЕВА

 

 

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here