Негизги Окуялар Токолдон туулган бала

Токолдон туулган бала

(Аңгеме)

Ушул төрт жаштардагы уул баланын таза кийингенин эч ким көрө элек. Жонунан түшпөгөн күнгө бозоруп кеткен спорттук шым-күрмөсү кырк тешик. Наристеге баары бир да, аны таназарына албайт. Мойнунун кири беш эли, тырмактары ороктой болуп, асты кирге толгон. Какачы куюлган чачы желкесин жаап, үксөйүңкү. Жедеп Абижесинин ур-токмогуна деле бышып бүткөн ал күнүнө беш маал желкеге муш жегени жеген.

Абиже дегени — кошуна Айгүл. Үстүнө үйрүлүп түшүп караган таенесинин көзү өтүп, башка туугандары жоктугунан Айгүлдүн колуна келгенине эки жыл болуп калды. Андагы эки жаштагы торсойгон балакайдын Айгүл эже дегенге тили келбей Абиже деп калганы ошондон.

…Эки жылдан бери Алимбектин башынан таяк кеткен жок. Курсагы деле жарытылуу тойбоду. Тамдын боорун чукуп жеген адат таап алган. Анысын Абижесине байкатпаганга аракет кылат. Антпесе төбөсүнө төөматек ойноп кетиши мүмкүн. Тамдын боорун чукуп, кебетесин кетиргени үчүн. Бала деле жазмышка моюн сунат окшобойбу, оозун ачканда жок дегенде эки каргыш ыргып чыккан аялдын зомбулугу деле кадиресе нерседей туюлат наристеге.

…Айына бир жолу Абижесинин кабагы ачылып, ошол күнү Алимбек таяк жебейт. Ал күнү алган пенсиясына таттууларды, анча-мынча кийим-кечек көтөрүп алган пайгамбар жашындагы атасы Калпа  келет. Ал апкелген таттууларын уулуна карматып, шуу үшкүрө, жаңы кийимдерди кийгизип, төбөсүнөн жыттайт. Бир саат, эки саат улам күрсүнө божураган уулун алдына алып отурат да, үндөбөстөн, Айгүлгө акча карматып, чыгып кетет. Абышканын кеткенин чыдамсыздык менен күткөн аял босогону аттап, тиги бурчтан айланып кетери менен баланын үстүндөгү жаңы кийимдерди сыйрып алат. Ошол боюнча ал кийимдер каякка кеткени белгисиз. Наристеге баары бир. Ал атасы апкелген таттууларды маашырлана жеп алганга мүмкүнчүлүк болгонуна эле ыраазы.

…Алимбек түрмөдө төрөлгөн. Өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүргөн деген айып тагылып, жыйырма жылдан ашуун убакытка эркинен ажыратылган апасы уулунун киндиги кесилери менен, таенесине карматкан. Көзү ачыла элек наристени койнуна катып, үйүнө жеткиче буркурап-боздоп барган чүкөдөй кемпир да бул дүйнөдө көпкө турган жок. Жаштыгы түрмөдө соолуру белгилүү кызынын күйүтү аны мертинтип койду.

* * *

Алимбек таттуу жеген күнү Калпанын байбичеси Атыр өзүн коерге жер таппай, кабагынан заар бүркүлүп, абышкасын күтөт. Ал ушул күнү Калпа дагы бир жылга карып келерин, пенсиясынын бир тобун болбогон шылтоолор менен ага карматпастыгын да жакшы билет.

Айыл ичинде “ак байбиче” аталган Атыр өмүр бою абышкасына түйүлгөн кабагын көрсөткөн эмес эле. Бирок, төрт жылдан бери анын кыялы өзгөргөн. Мурдагыдай жарык кабагы менен тосуп алып, ысык чайын сунуп туруучу зайыптын жүрөгүнө муштумдай муз тонуп, албуут аялга айланган.  Эх десең… Аппак жүзүнө куп жарашкан, бадырайган көздөрү токтоо тиктеген Атырдын үй тиричилигинен да кемтик табуу мүмкүн эмес болчу. Пиалалары ар дайым жаңы дүкөндөн келгендей жаркырап,качанкы отуз жыл мурда алган чара-чайнектеринин кенедей сыры ыргыган жери жок эле. Үйү мизилдеп жаңы акталып-сырдалгандай. Тамактанаарда жайылган крахмалданган тасмалында кенедей так жок, кудум мейман күтүп жатышкандай тордомо майлыктары дайын, биринчи, экинчиси сөзсүз берилчү. Жада калса токсонунчу жылдардагы каатчылыкта сандыгын ачса француз атырынан баштап, бухаранын атлесине чейин табылган сарамжал байбиче өмүр бою жетекчилик кызматтарда иштеди. Жетекчиликти аркалаган аялдардан айырмасы — үйүнө келгенде анын бир айылды бийлеген актив экени унутулчу. Күн сайын көйнөк алмаштырган эри кийим шкафты ачканда ар дайым көйнөктөрүнүн, шымына өңдөш байпактарынан бери үтүктөлүп даяр турганынан көнгөн. Бирге өмүр сүргөн кырк жыл ичи бир өйдө башын көтөрүп, катуу айтпаган аялы ага толугу менен баш ийип бергени менен Калпа анын астында өзүн эч качан эркин сезе алган эмес, экзамен тапшырган сыяктуу сезимде боло берер эле.  Буга Атырдын тектүү жерден чыкканы, бир кемтиксиз жомоктогудай аял болуп бергени себеп болду. Калпа зайыбынын алдында сөгүнгөндөн, ага сакал-муруту өсүңку көрүнгөндөн да тартынчу. Ушунча жылдан бери байбиче абышкасынан шыбоо жыт да искеген жок, кинонун каармандарындай идеалдуу эркек менен өмүр сүрдү.

Экөө бирге өткөргөн кырк жылдан ашуун убакытта бир гана кыз көрүштү…

…Айылдын актүптөрүнүн бири – Калпа эмнегедир аялдарга жагымдуу. Ал айымдарга өзгөчө мырзачалыш кылдаттык мамиле жасап, майрам күндөрү куту шоколад, шарап менен кесиптештерин, аяштарын куттуктап ийгенге маш эле. Анын бул сапаты албетте, аялдардын көз кырынан калбай, Ак байбиченин бактылуу экендигине суктана калышчу. …Түркөй, кызыл камчы күйөөдөн көргөн кордуктары акыры ажыраштырып тынган  айылдын медайымы жаш жубан Жазиранын көңүлүнө зыңгыраган Калпанын камкор мамилеси төп келдиби, же жоомарттыгы менен акча-тыйындан кыйналып жүргөн жалгыз бой келинди өзүнө тартып алдыбы, ал жагы айылдаштары үчүн сыр боюнча калды бейм. Өңү серт болсо да, адамга жугумдуу, жөнөкөй, баёо келин ылдам эле Калпанын экинчи аялы болгонго көндү. Анын буга макул болбоско да айласы жок эле, жүрөгүнүн алдында дагы бир жүрөк кагып атканына үч ай болгон…

…Калпа ал күнү айылдын молдосун тымызын апкелип, экөө никеге турушту. Ак байбичеге айтууга оозу барган жок. Кырк жыл бою зайыбынын алдында өзүн мектеп окуучусундай сезип жашаган күйөө кантип даасын…

Жаш аялы экөөнүн ортосунда бир канча жаш айырма болсо дагы, эмнегедир бат эле камыр-жумур болуп кетишти. Калпа экинчи аялынын алдында өзүн эркин сезип, жүрөгүндөгү сырларын, күнүмдүк көйгөйлөрүн төгүүдөн тартынбачу. Буга Жазиранын шайырлыгы, бардык нерсени кадиресе кабыл алгандыгы түрткү берди көрүнөт. Калпа эки зайыбын эрксиз салыштырып, байбичесин канышага, токолун мүнөзу жумшак курбу кызга, улуу зайыбын аппак мөңгү баскан улуу чокуга, кичүүсүн шыңгырап аккан булакка  окшоштурар эле. Ал экөөнү кыялында катар коюп карап отуруп, менменсине баскан марал менен көздөрүн жумшак ачып-жумган мышыкты көргөндөй сезимде болчу. Эч кемтиги жок Атырга караганда, кадимки аялзатынын бири, кээде бышактап ыйлаган, кээде чукчуңдап кыялын көрсөткөн, кээде эркелигине салган, анын камкордугуна муктаж Жазира менен өткөргөн убактысы ага ырахатттуураак болгондой.

Бир гана жаманы – айыл жери болгондуктан, Калпа токолуна тез-тез каттай албайт, байбичесине ар кайсы шылтоону айтып, түн катып келип, түн катып кетет.

Сыр тез эле ачылды.

…Тиги өйүзгө турмушка чыккан Калпанын жалгыз кызы Сабира  атасынын шойкомдуу жүрүшүн кулагы чалып калган. Аны өзгөчө күйгүзгөнү- үч-төрт эле үй нараак турган Жазиранын анын көкүрөк күчүгүн күн алыс таттуу-тарапа берип өзүнө тарткандыгы болду.

…Бүгүн да бойтоңдогон үч жашар наристе эшиктен жүгүрүп келип, сүйүнчүлөдү.

—   Апа, апа каячы, Жазийа эжем дагы сникейс бейди.

-Ыргыт нары!

Кызы үнү өктөм чыккан апасынын сөзүнө кулак да салган жок, шоколадды аарчыганын токтотподу.

-Жоок, ыйгытпааайм…

-Ыргыт деп атам!

Жини кашайган Сабира кыздын колунан таттууну жулуп алды, бакырып ыйлаган кызын беш-алты ирет колундагы үбөлүк менен тартып-тартып алып, көмөлөтө түртүп жиберди. Шоколадын тарттырган наристе баятан келтек жеп жатканда чаңырып ыйлап жатты эле, апасы түртүп ийгенде башы менен үстөлдүн бурчуна катуу тийди, дымы чыкпай калды. Кан жая берди.

Жамандыкты жүрөгү сезген Сабира бир ач айкырып, кызынын үстүнө үйрүлүп түшө калган менен тагдырдын катаал сызыгын оңдогонго дармансыз эле. Буркурап ыйлаган жаш келин күн баткыча баласынын бетин сылап, жиндиче кобуранды, тилденди, чачын жулду. Бирок, эти муздаган наристенин кирпиги көтөрүлгөн жок.

Иңир киргенде бүк тушүп жаткан келинге жан кирди, кызын көтөрүп алып чечкиндүү Жазиранын короосуна жөнөду.

Жазиранын үйүнүн жарыгы күйүп турган экен. Сабираны бирок токтото алган жок. Коргондун бурчун күрөктөп жиберип, чүрпөсүн жашырды…

…Эртеси айыл ичи ызы-чуу эле болуп калды. “Калпанын жээни жок дейт кечетен бери”, “Аа, байкуш ай, куруган тура эне-атасы”, “сууга аккан го” деген күбүң-шыбыңга толуп калды айыл ичи. Райондон келген милиция эки күндө кыздын сөөгүн таап чыкты. Түбөлүк жаны жай алган наристенин эки күндө арыктап, өң-алээттен кетип, картайган апасынын көрсөтмөсү боюнча, Жазира анын кызын көп чакырып алчу тура үйүнө. Анын сырын бир караңгы түн, бир кан жуткан өзү гана билди. Жада калса кенгедй сырын жашырбай айтып берчү энеси Атыр да жээнинин чыныгы жан алгычы ким экенин билбеген, күндөшүнө болгон тоодой жек көрүүсүнө уукан боюнча өмүр сүрүүгө аргасыз бойдон калды…

…Жазиранын ай-күнүнө жетип турганы, “мен өлтүргөн жокмун” деп ыйлаганы да сотто эч кимди жумшарта алган жок, чиркин. Кайпактаган Калпа сот процессине да катышууга жүзү чыдай албай, имараттын сыртында айланчыктап жүрдү. Сотту да, прокурорду да чымындай жаны чыркырап кеткен наристенин энесинин төгүлгөн көз жашы баарынан катуу ынандырып, келин жыйырма беш жылга кесилди…

 Автор: Махабат Асан

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here