Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу Бишкек шаардык жерге орноштуруу жана кыймылсыз мүлктү каттоо башкармалыгынын, «Бишкекархитектура» мекемесинин кызмат адамдарына иш козголду.

Алар Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (кызмат абалынан кыянат пайдалануу), 315-беренеси (кызматынан аша чабуу), 350-беренеси (документтерди жасоо, мамлекеттик сыйлыктарды, мөөр, штамп, бланкаларды даярдоо, колдонуу) менен айыпталууда.

2016-жылы бул адамдар саламаттык сактоо мекемелерине таандык жерди жергиликтүү жаранга мыйзамсыз берип койгону, Киев көчөсүндө жайгашкан курулушу бүтө элек объектке мыйзамсыз техникалык паспорт бергени аныкталганы айтылат Башкы көзөмөл органынын билдирүүсүндө.

Кылмыш ишин иликтөө Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына өткөрүлүп берди

Булак: Азаттык

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here