Ахматбек Келдибеков кичи мекени Алайда ажолукка ат салышаарын кыйыр түрдө билдирип аксакалдардан бата алганы таманы тыйыла элек. Учурда түштүктү түрө кыдырып, эл менен жолугушууларды өткөрүүдө. Жакында эле Баткенде эл менен жолугушуу учурунда «аз калды чыдагыла бийликти алабыз» деп күпүлдөп, «жер ээн болсо доңуз дөбөгө чыгат» дегенди далилдеди. Сапарга бирге аттанган үзөңгүлөшү Адахан Мадумаровду «сууга алып барып суу бербей» ара жолго таштаган Келдибековдун бул дымагын көргөндөр, Икрам Илмияновдун жетегинде иш жүргүзүп жаткан неменин өнөрүн кара дешип баш чайкашыптыр.

Булак: Фабула

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here