Акыркы кездери Өмүрбек Текебаевдин жандоочулары, санаалаштары соттук процесске тасир этүү, коомчулуктун көңүлүн буруп, басым кылуу ниетинде ар түрдүү ыкмаларды колдоно баштады. Өзгөчө бир нече оор кылмыш үчүн соттолгон “криминалдык авторитет” атыккан Азиз Батукаев 2013-жылы түрмөдөн мөөнөтүнөн мурда бошотулуп, өлкөдөн чыгып кеткен окуя менен Текебаевди салыштырышып, кимиси коркунучтуу деген суроону коюшууда. Муну менен алар  “Батукаевди деле чыгардың эле, эмне Текебаев андан коркунучтуу бекен”, — деген маселени көтөрүшүп, коомчулукту козутуу амалын көрүшүүдө. Бирок бул нерсени жасап жаткандар, дал ошол Батукаев өлкөдөн чыгарылган кезде, Текебаев үчүн жанын берчүдөй болуп жаткан Аида Салянова Башкы прокурор болуп отурган. Парламентте Батукаевди жактап, депутаттарга ээ-жаа бербей, баары мыйзамдуу деп отурганын тана албайт. Демек, Текебаев үчүн күйүп жаткандар бул маселе боюнча Саляновага нааразы болуш жарашат.

Булак: Фабула

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here