Кайрымдуулукка каражат берип жатып, адамдардын кайгысын бетине кармап, анын артында көз боемочулар да турушу мүмкүн экенин эске алып койгонубуз оң.
… Оор илдетке кабылган алты жашар Мажит Көчөрбаев аба жутуп, дем алуу үчүн күн сайын баасы асманды чапчыган, энесинин чамасы чак келбеген, кымбат дарыларды ичиши зарыл. Оорудан сакайып кетээрине аз калганда көз боемочулар туура 10 миң долларын илип кетип, үй-бүлөнүн үмүтүн таш каптырды.

Ачуулангандан жаак этти тарамыштай түйүлткөн окуя ушул жылдын башында болгон. Мукополисахаридоз деп аталган илдеттен жапа чеккен баланын энеси жардам сурап какпаган эшиги, кирбеген жери калган эмес. Көп өтпөй ага америкалык жаран байланышка чыгып, дары-дармек менен камсыздап, АКШдагы бейтапканада дарыланууну да төлөп бермекчи болгон. Бирок кандайдыр бир себептер менен аял виза ала албай калат. Андан соң документтерди даярдоого көмөктөшө турган кайсы бир компаниянын өкүлү менен таанышат. Өзүнө жана үч уулуна виза жасатыш үчүн далбастаган эне үйүн сатып, эптеп 10 миң доллар чогулткан. Германиядагы аэропорттон рейс алмаштырып жатканда… чек арачылар алардын документтери жасалма экендигин аныкташкан. Өң-алеттен кеткен аял ортомчу ишкананын кеңсесине барат. Акыркы акчасын кайтарып бергиле деп тизелеп жалынып-жалбарат. Бирок аны кууп чыгышат. Документтерди жасаган фирманын өкүлү жашырынып, эч нерсе билбеген түр көрсөтөт. Акчасын кайтарып беришин өтүнө прокуратурага арыз менен кайрылган, президенттин атына кат жазган, бирок маселе оң жакка чечилген эмес. Бул окуяны зарылып тургандарга акча топтоого көмөктөшкөн ыктыярчы Надежда Хохлова айтып берди. Анын айтымында, кайрымдуулуктан пайда табууну көксөгөндөр аз эмес. Көз боемочулар башкасынын гана эмес, өз дартынын аркасы менен да акча табууга чейин барышат. Мындай адамдарда ыплас акча жасоонун бир нече ыкмасы бар.

Сызга отургузуунун чеги жок сымал…

Хохлова айткандай, көз боемочулар муктаж адамдардын аргасыз болуп зарыгып турганынан пайдаланышат. Маселен, фонд же бир киши кайрымдуулук концертин уюштуруп, түшкөн акчанын баарын өзүнө алып коюшу ыктымал. «Кайсы бир фонду «топтолгон каражат эки ымыркайды дарылоого которулат» деген убада менен концерт уюштурат. Бирок ата-энелер бир да тыйын алган эмес. Уюштуруучулар аларга бардык каражат залдын ижарасына жана артисттерге төлөндү деп алакан жайып коюшкан. А чындыгында ырчылар мындай иш-чараларда бекер ырдап беришет», — деди ыктыярчы.

Бирок көбүнчө ыктыярчылар сыр бербеш үчүн Интернет аркылуу акча чогултууну сунуштап, ал эми каражат чогулганда куйругун карматпай кетет. Сизге гуманитардык жардам келди десе да, сак болуңуз.

Эбин таап чөнтөк телефонго акча салдырып алууну көздөгөн белгисиз бирөөлөрдүн телефон чалууларынан коомчулук жакшы эле кабардар. Андайлардын кылтагына акчага муктаж болуп тургандар да илинет. Эл аралык фонду акча түрүндө гуманитардык көмөк жөнөткөнүн кабарлайт. Аны кантип алып кетүүнү түшүндүргүчө акчасы түгөнүп каларын алдын ала айтып, бирдик салып коюуну суранышат. Бишкектин 70 жаштагы тургуну Татьяна Кожина да мындай кайырмакка илинип кала жаздаган. Быйыл мартта үйү урап, сарайда жашоого аргасыз болгон. Өз алдынча жаңыдан үй тургузуп аларына ишенип, эч кимге жардам сурап кайрылган эмес. Бирок коңшулары алты миң сомдук пенсиясына маселеси чечилбесин билип, биздин агенттикке бирөө-жарым кол сунуп калар деген үмүттө анын абалын чагылдыруу өтүнүчү менен кайрылган. Кайдыгер карабаган адамдар чындап эле телефон чалышкан. Кожина бирок арасынан бири киши шек жаратканын айтты. Акырында байбичеден боорукер сөрөй өзү акча сураптыр. «Бирөө мага гуманитардык жардам жибергенин, бирок ага акчасы жоктугунан байланыша албай жатканын, ал үчүн телефон балансын толукташым керектигин айтты. Албетте, ишенген жокмун. Кийин мага темир тор артындагы адамдар ушинтип чалып, акча табышарын түшүндүрүп беришти», — деди пенсионер.

Жакаңды карматкан учурлар.

Жардамга муктаж абалдан чыгып алып да, акча чогултууну уланткандар болоруна кейийт ыктыярчы Надежда Хохлова. Ал иштеген фондуга бир киши баласынын оорусунан улам жардамга муктаж экендигин тастыктаган документтерди жиберген. Кийин ал бала сакайганы анык болуп чыккан. Ал эрксизден жакаңды карматкан дагы бир фактыны айтып берди. «Жаман кеселден каза болгон баланын ата-энеси боорукер адамдардан жардам ала берген. Сөөктү жерге берип жаткан маалда да телефонго жооп берип, банк реквизиттерин айтканга даашкан. Бирок эми мындайлар чанда кездешет», — деп түшүндүрөт Хохлова.

Эсепти алмаштыруу 

Кайрымдуу адамдын кейпин кийгендер муктаж адамдарга чалып, бейтап боюнча бардык маалыматты (тастыктама, диагноз, сүрөт) алып, чындыкка шайкеш кабар жарыялашат. Бирок жыйынтыгында өздөрүнүн банк жана электрондук эсептерин көрсөтүп коюшат. Ошондой эле көз боемочулар башка жактарда жарыяланган маалыматты көчүрүп алып, тек гана эсепти алмаштырып коюшат.

Милиция буга эмне дейт?

Таңгалыштуусу — мындай иштер милицияга жетпейт, же басма сөз беттеринде айтылбайт. Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкери Умар Жунусов кайрымдуулук ишине байланышкан бир гана ишти эстеди. Жарым жылдан ашуун убакыт мурда Бишкекте «Көмөк көрсөтүү үчүн пенсионерлерди аныктоочу россиялык комиссиянын» түшүнүксүз бир кызматкерлери пайда болгон. Алар улгайгандардын акчаларын алдап алган деп шектелген. Аларды кайырмагына илинген ири курмандык — 83 жаштагы Маргарита Черткова болгон. Комиссиянын кызматкерлерине ал 939 миң сомун кармата берген. «Пенсионерлерди алдоо боюнча жалпы он бештей учур катталган. Кайрымдуулукту шылтоолоп, алар карыяларга каражаттарын көбөйтүү үчүн эсебине салууну сунушташкан», — деди милиция өкүлү. Азыркы тапта тергөө аяктап, шектүү делген жети адамга козголгон кылмыш иши сотко өткөрүлгөн.

Алданбаштын аргасы барбы?

Ыктыярчы Хохлова акча бергендер аны муктаж адамдардын өз колуна тапшырып, дарылоо процедураларынын акысын төлөп же дары-дармек сатып берүүгө кеңеш берет. Жардам берем дегендер дарыланган бейтапканага чалып, чындап эле элдин жардамына муктажбы же жокпу, аныгын тактап, документтерин текшерүүсү зарыл. «Бизде ооруканалар көп эмес, ошондуктан маалыматты текшерүү анча деле кыйын эмес. Андан тышкары, маалымат каражаттарында жарыяланып-жарыяланбаганына көңүл буруш керек. Адатта журналисттер баарын текшерген соң гана материалды чыгарат эмеспи», — деди ыктыярчы. Ички иштер министрлиги эгер көз боемочулар сизди алдап койсо же муктаж адамдар алардын атынан башка бирөөлөр акча топтоп жатканын байкап калышса, милицияга дароо кайрылууну өтүнөт.

Булак: sputnik.kg

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here