Райкан Төлөгөновдун иши боюнча 7- июнда соттук процесс өткөн жок. Биринчи май райондук соту отурумду кийинкиге калтырды. Буга айыпталуучу Райкан Төлөгөновдун оорусуна байланыштуу отурумга келбей калганы себеп болду. Учурда Төлөгөнов №47- түзөтүү абагында кармалууда.

Эскерте кетсек, “Ата-Мекен” фракциясынын экс-депутаты Райкан Төлөгөнов 2010-жылдын апрелиндеги мародерчулук фактысы боюнча камакка алынган. Ага карата Кылмыш жана жаза кодексинин 167-беренеси ” талап-тоноону уюштуруу” жана 241- беренеси ” ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү” боюнча иш козголгон.

Булак: Фабула

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here