Бул тууралуу белгилүү журналист Семетей Талас уулу жазып чыкты. Ал Миңбаев менен бирге Нарын жергесине барып,  атасы  жок 250 жетим балага 250 уйду музоосу менен таратуу иш-чарасына катышып, жардам берип келген. Ал бул чоң иш-чара тууралуу  төмөнкүлөрдү  жазды:

«Сахл бин Саад (радыяллаху анху) баяндайт; Алланын Элчиси (саллаллаху алейхи васаллам): «Жетимге камкор адам менен бейиште так ушундай жакын боломун» деп, сөөмөйү менен ортонунун арасын ачып көрсөттү.

Орозодо жасалган кайрымдуулук. 10-июнь күнү Ат-Башы жергесинин Сарыкоо аймагында Нарын облусунда жашаган атасыз балдарга Нурмухамед Миңбаев жетектеген «Ас Салам» фонду 250 музоосу менен бирден уй берди.
9-июнь түнү менен Бишкектен чыккан биз саат 8дерден өтүп Сарыкоого жете келдик. Айтмакчы бул кайрымдуулук демилгени Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков жана губернатор Аманбай Кайыпов да колдоп беш райондон атасыз калган балдарды апалары менен чогуу Спринтер автоунаалары менен МАИнин коштоосунда алып келип, чогултуп коюшуптур. Ошентип Сарыкоодо чурулдаган балдар, бала деген бала да бат эле дөбөчөлөргө чыгып, өйдө-ылдый чуркап жүрүшөт. Бирок аттиң, баары атасыз калган жетимдер. Кээ биринин көздөрүндө алигиче муң бар. Карап отуруп сай-сөөгүн сыздайт, жүрөгүң эзилет. Кээ биринин кийгени өтө жупуну. Акчаң кенен болсо таратып-таратып берсем дейсиң… Айла жок, аргаң жок. Кудай буюрса ал тарата турган күндөр да келер.


Ошентип, район-район боюнча бөлүп уйлар таркатылды. Азырынча музоосу менен. Эгерде ар бир райондо уйларды чогуу бага турган жай табылса, анда музоосу гана берилип, уйлар багыла берет дагы жыл сайын төлүн ушундай балдарга бере беришет. Андай жай табылбаса, анда уйду музоосу менен чогуу беришмекчи.
Андан сырткары, Нурмухамед Миңбаев байке атасы каза тапканы тууралуу расмий документи бар, 9 жашка чейинки балдарга 2500 сомдон жөлөкпул берүү маселесин жакынкы 2-3 айда чечкени турат. Эгерде ал чечилип кетсе облус боюнча 700 чукул бала айына 2500 сомдон жөлөкпул алып турат. Бул да болсо абдан чоң жардам болмокчу.
Өкмөттүн атынан келген Социалдык өнүгүү министринин орунбасары Жылдыз Полотова жана губернатор Аманбай Кайыпов дагы аз камсыз болгон, атасыз калган балдарга жардам берүү боюнча биртоп сунуштарды Нурмухамед байкеге айтышты. Кээ бирине макулдук берилди. Кудай буюрса ал жакшы иштерге күбө болгон учурубуз да келер-
дейт Семетей Талас уулу.

Миңбаев мырзадан келечекте мындай кайрымдуулук иштерди көп күтсөк болот. Жаратканыбыз жар болсун!

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here